Call-борбор: Бостериде жол-боюндагы бактарды кыйып, таштандыга айландырышты
RU

Call-борбор: Бостериде жол-боюндагы бактарды кыйып, таштандыга айландырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мындай маалыматты редакцияга окурман жөнөттү.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Бостери айылында, негизги трассадан "Казакстан" санаторийине бара турган аллеядагы бактарды массалык түрдө кыйып салышкан.

"Менимче, Бостери айыл өкмөтү жана Ысык-Көл районунун акимиаты эмненин негизинде 40-45 жакшынакай турган бактар кыйылды, деген суроого жооп берүүгө тийиш. Кыйылган бактарды карап, чирий элек, жакшынакай бактар экенин көрүүгө болот", - деп окурман нааразы болду.

Андан тышкары, бактар кыйылган жерге тегеректегилер таштанды төгө башташкан, ошону менен көзөмөлгө алынбаган "свалкага" айланып калды.

"Мамэкотехинспекция жана райондук прокуратура жергиликтүү бийликтин кылган ишине юридикалык баа берип, текшерип, коомчулукка себебин түшүндүрүп беришсин", - деп ал сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2397