Бишкектеги карылар үйүнүн директору 24 жумушчуну иштен кетирди. Алар митингге чыгышты
RU

Бишкектеги карылар үйүнүн директору 24 жумушчуну иштен кетирди. Алар митингге чыгышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-декабрда, Өкмөт үйүнүн алдында Карылар үйүнүн кызматркелери митинг уюштурушту. Алардын айтымында, бир жыл мурун директор болуп дайындалган Адылбек Козубаев 24 жумушчуну иштен кетирди.

Митингге чыккандардын пикири боюнча, директор өзүнүн командасы, анын ичинде орун басары Эльнура Ноорузбаева жана башкы бухгалтер менен биргеликте кызматкерлерди куугунтукка алып андан кийин мыйзмсыз жумуштан кетирди.

Андан тышкары, алар директордун башка мыйзамсыз иш аракеттери тууралу билдиришти. Маселен, төшөктөн тура албаган карылардын пенсияларын жеке кызыкчылыгы үчүн колдонот, деген айыптоолор айтылды.

Учурда митингчилерге өкмөттүн өкүлү чыкты, бирок алар вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиеванын келишин талап кылышты. Бир аздан соң, алардын бир нече өкүлүн вице-преьмер менен сүйлөшүүгө чакырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/239