Экс-вице-мэр Уланбек Азыгалиев мамлекетке 30 миллион сом төлөдү
RU

Экс-вице-мэр Уланбек Азыгалиев мамлекетке 30 миллион сом төлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мурунку вице-мэри Уланбек Азыгалив мамлекеттик бюджетке 30 миллион сом төктү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин УКМКнын кызматкерлери бийликте турган чиновниктердин мыйзамсыз баюу маалыматын текшерип Бишкектин мурунку вице-мэрия Уланбек Азыгалиевдин декларацияга киргизилбеген мүлкү бар экендигин аныкташкан. Белгилүү болгондой, Азыгаливдин мүлкү жакын туугандарына жана аффирленген жактарга катталган. Алынган маалыматтын негизинде КРдин жазык кодексинин 328-берененин 2-пунктуна ылайык, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Учурда салыктык текшерүү жүрүп, мамлекетке келтирилген зыяндын так суммасы аныкталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2402