Бир эле Акылбек Жапаров эмес. Чет өлкөдө дарыланган саясатчылар
RU

Бир эле Акылбек Жапаров эмес. Чет өлкөдө дарыланган саясатчылар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын аткаминерлери ата мекендик медицинаны колдоо зарылдыгын байма-бай айтып келишет. Бирок, ошол эле учурда өздөрү чет өлкөдө дарыланууну туура көрүшөт.

Kaktus.media редакциясы ата мекендик дарыгерлерге эмес, чет элдик дарыгерлерге ишенген саясатчыларды эстеп көрүүнү чечти.

Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ден соолугу АКШдан кайтып келгенден кийин начарлап кеткен. Жүрөгү ооруп ооруканага кайрылганы белгилүү болгон.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аны ашыкча чарчагандан деп билдирген.

Жапаров ооруканага жаткырылып, бир нече күндөн кийин Германияга дарыланууга учуп кеткен. Бүгүн, 10-майда кайра кайтып келди. Кайсы шаарда, кайсыл клиникада, кандай оорудан жана кантип дарыланганы айтылган эмес.

Камчыбек Ташиев

Буга чейин Ташиев Германиядан жүрөгүнө операция жасаткан. Ушундай эле операцияларды Кыргызстанда жасашабы же жокпу белгисиз, анткени так диагноз дарыгерлик сыр бойдон калууда. УКМКнын төрагасына чет өлкөдөн дарыланууну профессор Калдарбек Абдраманов сунуштаганы баса белгиленди.

Кыргыз-тажик чек арасындагы апрель конфликтинин алдында да Камчыбек Ташиев дарыланууга кеткен имиш болчу. Бирок, ошол эле учурда, коомчулукта ал Европанын футбол клубунда окуп жаткан уулунун туулган күнүнө жөнөп кетти, деген версия айтылып жатты.

Нурлан Сулайманов

2012-жылы депутат Нурлан Сулаймановго карата кылмыш иши козголуп, ошого удаа эле жүрөгүндө көйгөлөр башталат. Башында Москвага дарыланганы кетет, бирок операцияны Германиядан жасатат. Анын жакындары депутат мекенине кайтып келет деп ишендиргени менен, Кыргызстанга келди деген расмий маалымат чыккан эмес. Ал эми парламенттен отурумдарга катышпагандыгы үчүн мандатын чакыртып алышкан.

Нариман Түлеев

2012-жылдын жай мезгилинде Нариман Түлеевдин онкологиялык оорусу бар деген жаңылык чыккан. Ал кезде саясатчыны коррпуцияга аралашкан, деп айыпташкан болчу. Түлеев 11 жылга соттолуп, келтирген зыянын төлөп берип, эркиндикке чыккан. Дарыгерлердин айтымында ага Германиядан операция жасалган. Дарыланууну да ошол жерден улантуу сунушталган экен. Бирок, Түлеев алгач апасын бутуна тургузуш керектигин айткан.

Ахматбек Келдибеков

2013-жылы "Ата-Журт" фракциясынан парламенттин депутаты Ахматбек Келдибеков камакка алынгандан кийин, тизеси ооруп жүргөнүн эстеп, "срочно" операция жасатам деп чыкты. Ага Сабырбек Жумабеков бир нече операция жасайт. Бирок, андан кийин чыканагы ооруй баштаган. Акыры ходатайство жөнөтүп атып Германияга кетет. Келдибеков жарым жылда араң кайтып келген болчу.

Чыныбай Турсунбеков

Өткөн жылдын 6-июлунда Улуттук госпиталдын реанимациясында эки тараптуу пневмониядан экс-спикер жана ошол кездеги депутат Чыныбай Турсунбеков каза болгон. Коомчулук арасында саясатчыны Түркияга алып чыгып кеткенге жетишпей калышты, деген маалымат тараган. Бирок, саясатчынын кызы андай эмес, чет өлкөгө алып кетүү боюнча сөз да болгон эмес деп айтып чыкты.

Иса Өмүркулов

4-июнда Иса Өмүркулов чет өлкөгө кеткени айтылды. Бирок кайда кетип жатканы белгисиз. Болгону көпчүлүк коалициясынын жетекчилик укуктарын Жыргалбек Турускуловго убактылуу өткөрүп берип, ал эми КСДП парламенттик партиясынын убактылуу лидери Өмүрбек Бакиров боло турганы айтылды.

Кызыгы, Иса Өмүркуловдун да ден соолугундагы көйгөйлөр ЖКнын депутаттарын жана саясатчыларды камакка алуу мезгилине туш келген.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2403