Махабат Жумагулова: Биз бул жолу да жеңишке жетээрибизге терең ишенем
RU

Махабат Жумагулова: Биз бул жолу да жеңишке жетээрибизге терең ишенем

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык кеңешке ат салышып жаткан партиялардын ичинен "Эмгек" өзгөчө кадыр-баркка ээ болгон партиялардын бири десек жаңылышпайбыз. Бул саясий уюмдун алдына койгон реалдуу, конкретүү жана келечектүү пландары бар. Ал пландарды ишке ашырууга демилгелүү жаштар, тажрыйбалуу, кесипкөй, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошууну, курууну жана жаратууну каалаган аткаруучулары бар. Дал ушундай өзгөчөлөнгөн сапаттарга ээ жана саясий уюмдун ысык-суугун көргөн, "Эмгек" партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышып жаткан Махабат Жумагулова менен маек курдук.

- Саламатсызбы Махабат эже. Сиз "Эмгек" партиясына кантип келип калдыңыз эле жана шайлоого биринчи жолу катышып жатасызбы?

- Саламатчылык. Мен "Эмгек" партиясында 2013-жылдан бери мүчөмүн, активист катары уюмдагы уюштуруу иштерин жүзөгө ашырам. 2015-жылы биздин партиянын социалдык программасынын алкагында "Айым Ордо" айымдар кеңеши түзүлүп, ушул күнгө чейин анда мүчөмүн. Андан сырткары коомдук иштер менен да алектенем. Мамлекеттик органдардын Коомдук Кеңешинде мүчөмүн.

Ал эми шайлоого биринчи жолу катышып жатканым жок. Буга чейин да "Эмгек" партиясынын катарынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышкам. Азыр кайрадан шайлоого жакшы даярдык менен барып, биздин партиянын мыктылыгын көрсөтүүгө болгон аракетимди жумшап жатам. Анткени "Эмгек" партиясынын башкы максаты да эл үчүн эмгек кылуу, жаратуу, түзүү, жаңыны ишке ашыруу болуп саналат. Мисалы, мен элдин көйгөйлөрүн көтөрүп, айрыкча жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү тротуарлардын жана коомдук транспорттордун абалынын начардыгы, веложолдордун жоктугу, унаа токтотуучу жайлардын жетишсиздиги, социалдык жардам алууда мыйзамдардын чийкилиги же болбосо бюрократиялык тоскоолдуктар сыяктуу маселени түп тамырынан чечип, элге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана шаарыбызды өнүктүрүүгө өз салымымды кошоюн деген максатта өзүм саясатка аралашууну туура көрдүм. Кудай буюруп, шаардык кеңештин депутаты болсом, билимимди, тажрыйбамды жогорудагы айтып өткөн көйгөйлөрдү чечүүгө жумшайм.

- Шайлоого кандай идеялар менен бара жатасыз?

- Алдыбызга койгон идеялар өтө эле көп. Буюрса, биздин "Эмгек" партиясы шайлоодо жеңишке жетип, шаардык кеңешке келсек, анда борбор калааны жашылдандырып, көрктөндүрүүгө, жарандардын жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуунун үстүндө иш алып барабыз. Андан сырткары Бишкектин бюджетин көбөйтүү жана шаардын инфраструктурасын жакшыртууну да башкы планга чыгарабыз. Муну менен катар учурда аткарылып жаткан жана ишке ашпай жаткан жакшы долбоорлорду алдыга жылдырууга белсенип жатабыз.

- Махабат эже, негизи шайлоо акчалуулардын эмес, программалардын, идеялардын атаандашы болушу керекпи?

- Албетте. Каражат көп нерсени чече тургандыгы бул факт. Бирок ушул күндөрү идеяга сугарылган, элдин келечеги үчүн иштеп, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн күч-аракетин жумшаган инсандар каражаттан да жогору тураарын билишибиз керек.

Негизи партиялардын ортосундагы атаандаштык же күрөш бул программалардын ортосунда болушу шарт. Шайлоочулар да ошол нерсеге жетип, партиянын гана жетекчилерине карабай, анын курамын жана кандай программалары бар экенине карап добуш бериши зарыл. Буга чейин шайлоочулар жадатма лозунгдарга, куру убадаларга жана акчалуу партияларга ишенип, канча жолу алданышты. Анын жыйынтыктары кандай болооруна баарыбыз күбө болдук. Ошондуктан биз партиябыздын "Демилгелүү шаар" деген программасын кабыл алып жатканда, популизмге жана курулай убадалардан алыс болуп, күчүбүз жете турган жана өзүбүз аткара ала турган иштерди гана киргизгенге аракет кылдык. Программабызда борбор калаанын маселелери так, таасын көрсөтүлүп, аларды чечүү жолдору айтылды. Эми биз бул нерсени шайлоочуларга далилдеп берсек, алар да туура тандоо кылат деген оюм бар.

- "Эмгек" партиясынын программасында социалдык тармакты өнүктүрүү жагы каралганбы?

- Биздин партиянын "Демилгелүү шаар" деген программасында социалдык тармак өзүнчө бир пункт болуп каралган. Тагыраак айтканда, биз социалдык жардамдарды алууну жеңилдетебиз деп жатабыз. Анткени социалдык жардам алууда көптөгөн бюрократиялык тоскоолдуктар бар. Талап кылынган көптөгөн документтерди алуу үчүн эки күн жүрүүгө, жарым күн кезек күтүп отурууга туура келет. Бул туура эмес. Ушундай бюрократиялык тоскоолдуктардан тажаган адамдар көп экенин баарыбыз эле билебиз. Ошондуктан социалдык жардам алууда талап кылынуучу маалымкаттардын санын азайтуу зарыл. Ал үчүн социалдык жактан коргоо (жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү) жаатындагы шаардын ченемдик-укуктук базасына өзгөртүүлөрдү киргизүү туура болот. Андан сырткары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын шаарда эркин жүрүшүнө жана жумушка орношуусу үчүн шарттарды түзүүнү максат кылуудабыз. Себеп калаада пандустардын жоктугу, тротуарлардын начар абалы жана жумуштун жоктугу мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга ыңгайсыздык жана маселе жаратып келет. Ошондуктан КРдин "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын ченемдерин аткарууну камсыздашыбыз керек. Аны менен катар эле тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүп, алар үчүн ыңгайлуу болгон автобустарды, троллейбустарды сатып алууну башкы максат кылуу шарт. Ошондой эле жаш жеткинчектерибиз үчүн мектеп жана бала бакчаларды жашаган жерине жакын жерге куруп берүү жана билим берүү кызматкерлерине ар тараптан жетишерлик колдоо көрсөтүү "Эмгек" партиясынын планында бар.

- Жазда өткөн Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунда "Эмгек" партиясы биринчиликти багындырууга жетишкен. Мына азыр да "Биз жеңгенбиз. Биз жеңебиз" деген ураандын астында кайрадан шайлоого бара жатасыздар. Айтсаңыз, бул партиянын жеңишке жетүүдөгү сыры эмнеде?

- Үгүт учурунда "Эмгек" партиясы шайлоочулар менен жолугушууларды активдүү уюштуруп, өзүн жакшы жагынан көрсөтө алды. Тагыраагы, биздин талапкерлер шайлоочулар менен жолугуп, партиянын программасын жакындан тааныштырууга аракет кылып, жапа тырмак иш кылып жатышты. Анын негизинде борбордун тургундарынын көбү өз маселелерин айтып, биздин программага кызыгып, ишеним арткандары көрүнүп турду. Ошондуктан өткөн Бишкек шаардык кеңешин шайлоодо биздин партия элдин көпчүлүк добушуна ээ болуп, таза жеңишти камсыздай алган. Азыр да "Эмгек" саясий партиясын баштаган топ, чечкиндүү түрдө жакшы жакка өзгөрүүнү каалап, "Биз жеңгенбиз. Биз жеңебиз!" - деген ураан менен шаардык кеңешке кайрадан катышып жатабыз. Анткени бишкектиктер биз тарапта! Биз менен шаардыктар жеңишке жетет! Себеп жогоруда айтып кеткендей эле партиянын алдына койгон реалдуу, конкретүү жана келечектүү пландары бар. Мындан улам биз азыр да жеңишке жетээрибизге терең ишенем. Биздин сырыбыз биримдикте, күчтүү лидерлерибизде жана мазмундуу, кеңири программабызда. Ошондуктан биз биргелешкен аракет менен алдыда көп ийгиликтерге жетебиз деп бекем ишенем.

Убакыттан пайдаланып шайлоочуларга кайрыла кетсем.

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана жашоочулары 11-июлда шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо болот. Бул шайлоодо ар бир добуш берүүчү эң татыктуу партияга добуш беришин каалайт элем. Куру убадаларга алданып калбаңыздар. Элдин көйгөйүн терең билген, иштин көзүн тапкан жаратман, жаш лидерлерден турган командага добушуңуздарды бериңиздер. Себеп алдыдагы төрт жыл ичинде шаарыбыз үчүн көп жакшы иштерди кылып, Бишкекти өнүктүрсөк болот. Ошондуктан урматтуу бишкектиктер, ар бириңиздер добушуңуздарга кайдыгер карабаңыздар. Эгер сиздер биздин "Эмгек" партиясын тандап, колдосоңуздар анда биз сиздер менен бирге Бишкекти чогуу гүлдөгөн шаарга айландырабыз. Анткени ак ниет жана талыкпаган эмгек гана ийгиликтин ачкычы экенин баарыбыз билебиз. Мындан улам "Эмгек" партиясы борбор калааны жакшы жагына өзгөртүүнү каалап, анын өнүгүүсү жана жайлуулугу үчүн болгон күчүн жана билимин жумшарына барыңыздарды ишендирип кетмекчимин.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4 деген номер менен катталган.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 06.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2419