"Эмгек" партиясы Бишкек "Арбатын" - жөө жүргүнчүлөргө ылайыктуу көчөнү калыптандырат
RU

"Эмгек" партиясы Бишкек "Арбатын" - жөө жүргүнчүлөргө ылайыктуу көчөнү калыптандырат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлоо алдында талапкер Назир Асанбердиев өз жактоочулары жана "Эмгек" партиясынын желектери менен Эркиндик бульварына кечки сейилдөөгө чыкты. Алар өтүп бараткан, шайлоого кызыкдар болгон бардык жарандарга "Эмгек" партиясынын программасы жөнүндө айтып беришти.

"Эркиндик бульвары - бул бишкектиктердин жана борборго келген коноктордун сейилдей турган сүйүктүү эс алуу жайларынын бири. Биз ушундай жайлардын мындан да көп болушун каалайбыз. Эгер биз БШКга келсек, Бишкек "Арбат" – унаа жүрбөгөн жөө жүргүнчүлөргө арналган көчөнү түзөбүз. Ал үчүн борбор калаанын көчөлөрүнүн бирине фонтандар, отургучтар жана инсталляциялар орнотулуп, ачык асман алдында концерттик программаларды, көргөзмөлөрдү, чыгармачылык кечелерди өткөрө турган жөө жүргүнчүлөрдүн чөлкөмүнө айландырабыз. Бул бишкектиктердин ар түрдүү эс алуусуна, туризмди, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жардам берет", - деди Назир Асанбердиев.

Жөө жүрүш бардык санитардык нормаларды сактоо менен өттү.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4 деген номер менен катталган.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 06.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2420