Нурсултан Назарбаев: 30 жылдан бери Кыргызстанда эч нерсе жасалган жок
RU

Нурсултан Назарбаев: 30 жылдан бери Кыргызстанда эч нерсе жасалган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев "Бейнеге сүртүмдөр. Лидер" даректүү тасмасында интервью берип, Кыргызстандагы кырдаал тууралуу пикирин айтты.

Журналист Казакстандагы демократия жөнүндө суроо узаткан. Нурсултан Назарбаев өлкө дагы деле демократияга карай жолдун башында экендигин айтып, процессти тездетүү үчүн шашылуунун зарылчылыгы жок деп, Кыргызстанды мисал келтирди.

"Биз али жолдун башындабыз. Бир тарабынан Кытай, экинчи жагынан Россия. Аларда эмне демократия укмуш өнүгүп кетиптирби? Бул мамлекеттер бизге катуу таасирин тийгизет. Мына, демокартиянын аралчасы деп саналган Кыргызстанды айталы. Бооруң ооруйт. Бизге боордош, жакын эл, чынында. Ушу 30 жылда бир нерсе жасалдыбы? Мен ар бир президентин колдоп, чакырып, акча сунуштап, кредит сунуштагам. Бирок, эч нерсе жасалган жок да. Ошондуктан экономика - бул тиричиликтин негизи", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2424