Бишкектиктер "Эмгек" саясий партиясын, "Демилгелүү шаарды" колдойт!
RU

Бишкектиктер "Эмгек" саясий партиясын, "Демилгелүү шаарды" колдойт!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутаттыкка талапкер жолугушууга келгендерге "Эмгек" партиясынын калктын калың катмарынын кызыкчылыгын чагылдырган, буга чейин эле бишкектиктердин купулуна толгон "Демилгелүү шаар" программасы жөнүндө айтып берди. Анда борбор калаага байланышкан актуалдуу маселелер жана аларды чечүүнүн так жолдору камтылган.

Исакова шайлоочуларга кайрылып, "Эмгек" партиясынын башкы максаты Бишкекти өнүктүрүп, элдин жашоо деңгээлин жакшыртуу экенин баса белгиледи.

"Мен эч кимге жомоктогудай жашоону убада кылбайм. Бирок, биздин программада чындыгында шаар турмушунун бардык тармактарын өнүктүрүү боюнча ишке аша турган долбоорлор камтылды. Аны жүзөгө ашырууга биздин күчүбүз жетет", - деди ал.

Талапкер Бишкек шаарынын тургундарын алдыдагы шайлоодо куру убадаларга алданбай, туура тандоо жасап, тажрыйбалуу адистердин башын бириктирген, шаардын өнүгүүсү үчүн иштей турган, жаратман "Эмгек" партиясын колдоого алууга чакырып өттү.

"Саясий партиянын программасы, анын максаттары жана милдеттери, артыкчылыктуу багыттарына маани берели. Менин оюмча биздин "Эмгек" партиясы жогоруда аталган критерийлерге жооп берет. Ошондой эле биздин партия эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, шаардагы эң актуалдуу маселелерди чечип, шаар турмушунун бардык тармактарын өнүктүрүүгө бардык күчүн жумшоого даяр. Ошондуктан сиздер эгерде Бишкектин эртеңки келечегине кайдыгер карабай, "Эмгек" партиясына добушуңуздарды берсеңиздер, сиздердин үмүттү актайбыз деп ишенимдүү түрдө айта алам",- деп кошумчалады Исакова.

Иш-чаранын соңунда аталган аймактын тургундары "Эмгек" партиясынын талапкерлери башкалардан айырмаланып, буга чейин эле шаардын бардык бурчунда чоң иштерди аткарып келгенин белгилешти. Ошондой эле алар "Эмгек" партиясы жакшы үмүттөрдү жаратып жатканын айтышып, ушундай партиялар шаардык кеңешке келишин каалай тургандарын жашырышкан жок. Андан сырткары тургандар "Эмгек" партиясынын талапкерине ийгиликтерди каалап, ак баталарын беришти.

Жолугушуулар ачык асман алдында жана санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлдү. Ар бир жолугушууга 20дай адам катышып жатты.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4 деген номер менен катталган.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 06.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2425