Call-борбор: ЦУМдун жанындагы мажүрүм талдар кыйылып жатат (видео).
RU

Call-борбор: ЦУМдун жанындагы мажүрүм талдар кыйылып жатат (видео).

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Окурман Call-борборуна маалымат жөнөттү.

"Борбор калаанын так ортосунда, ЦУМдун жанындагы дарактар кыйылып жатат. Бул бак-дарактардын жашы болжол менен 50дө. Эмне үчүн жаратылышка мындай мамиле жасалып жатат?" - деп шаар тургуну ачууланды.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы Kaktus.media редакциясына бул бактар ​​муниципалитеттин карамагында эмес экендигин билдирди.

Ал эми ЦУМдун башкы директору Михаил Михиндин айтымында, алар мажүрүм талдарды кыйбай эле санитардык тазалоо иштерин жүргүзүп жатабыз деп ынандырды.

"Биз жыл сайын кургак жана чириген бутактар эч кимди басып калбаш үчүн кесебиз. Бүгүн кечинде бир бутагы кулап түшүптүр, биз үчүн коңгуроо болду. Бутак чоң болуп, чирип кеткен", - деди соода борборунун башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2430