Калмаматов: Токойдон 20 маймыл чыгып, мамлекетти башкарып жаткандай
RU

Калмаматов: Токойдон 20 маймыл чыгып, мамлекетти башкарып жаткандай

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 28-декабрда, КТРК коомдук телеканалында Кыргызстандын президенттигине талапкерлердин теледебаттары өттү.

Бактыбек Калмаматовдун айтымында, бир адамдын айынан президенттик шайлоо абсолюттук түрдө легитимсиз болуп калып жатат. Эгер ал жеңип кетсе, анда өлкө туңгуюкка кептелет, анткени мындай өлкө менен дүйнөлүк коомчулук эсептешпейт.

"Биз толугу менен дүйнөдөн жабылып алып, каалаган нерсебизди кыла албайбыз, биз таш доорунда жашап жаткан жерибиз жок. Токойдон 20 маймыл чыгып алып, өлкөнү башкарып жаткандай эле болуп жатат. Өлкөбүздө мыйзам болуш керек. Бүгүн УКМК Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагасын кысымга алды, жалпысынан алганда, Камчыбек Ташиевдин УКМКнын жетекчиси болуп дайындалышы мыйзамсыз. Убактылуу президент УКМКнын жетекчисин дайындай албайт. Өлкөбүздө абсолюттук мыйзамсыздык болуп жатат. Ага салыштырмалуу криминал адилет жашайт. Мындай жашоо уят", - деди Калмаматов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/243