Бишкекте беш көчө оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды
RU

Бишкекте беш көчө оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, калаанын беш көчөсүндө оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы маалымат берди.

1-июлдан тартып Огонбаев көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү автоунаа кыймылы үчүн ачык.

Ошондой эле, "Ак-Ордо" жаңы конушундагы Айбийке көчөсү Гагарин көчөсүнөн темир жол өтмөгүнө чейин жана Логвиненко көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Жибек-Жолу көчөсүнө чейинки бөлүгүндө, Жунусалиев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин оңдолуп ачылды, мындан тышкары "Ак-Тилек" жаңы конушундагы Ак-Тилек көчөсү Элебесов көчөсүнөн Дзержинский көчөсүнө чейин унаа кыймылы үчүн ачык.

Оңдолгон көчөлөрдүн жалпы узундугу 3,2 чакырымды, тротуарлардын туурасы 1,5 метрден 3 метрге чейинки аянтты түзөт.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланган "Бишкек шаарынын көчө -жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жалпы узундугу 70,87 км болгон 60 көчө оңдолуп, 5 көпүрө курулат, деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2441