UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов август айында Кыргызстанга келет
RU

UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов август айында Кыргызстанга келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда биринчи жолу UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедовго таандык аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC) лигасынын турнири өтөт. Мындай маалыматты турнирдин пресс-борбору таратты.

Башкы беттеште лиганын учурдагы чемпиону Руслан Яманбаев (Россия) чемпиондук наамын коргоо үчүн Бусурманкул Абдибаит (Кыргызстан) уулу менен беттешет.

Мелдеш 3-августта Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) өтөт. Бул иш-чарага мелдештин атайын коногу, уюмдун президенти, UFCнин жеңилбеген чемпиону жана промоушендин мыкты мушкери Хабиб Нурмагомедов келет.

EFC турнири Кыргыз Республикасында спорттун, анын ичинде аралаш мушташ спортунун өнүгүшүнө жаңы түрткү берип, өлкөнүн имиджин жакшыртып, достук, спорттук байланыштарды орнотууга жана туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2443