Самат Дөөлөтбаков: "Эмгек" партиясында жаш жана күжүрмөн талапкерлер көп
RU

Самат Дөөлөтбаков: "Эмгек" партиясында жаш жана күжүрмөн талапкерлер көп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эмгек" партиясы Бишкек шаардык кеңешинин шайлоосуна ат салышууда. Партиянын катарында ар кыл тармактарда иш алып барган жана түрдүү курактагы талапкерлер бар. Бирөөнүн жашоодогу жана саясаттагы тажрыйбасы чоң болсо, башкасы жаңы идеяларга бай жана стандарттуу эмес ой жүгүртүүгө ээ. Алар бири-бирин толуктап турушат.

Самат Дөөлөтбаковду партиянын көз мончогу десек да ашык болбостур. Ал 1984-жылы 3-февралда Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн. Бишкектеги Эл аралык университеттин эл аралык компьютер тармактары факультетин, андан соң ушул эле окуу жайдын эл аралык бизнес бөлүмүн бүтүргөн.

- Самат мырза, талапкерлердин арасынан сиздей белгилүү ырчыны көрүү көпчүлүк үчүн күтүүсүз болсо керек. Деги эле сиз саясатка кантип келип калдыңыз?

- Он үч жашыман бери эле эмгектенип келем. Анан азыр карап көрсөм, өзүм 37 жашта экенмин. Буга чейин ар кайсы тармактарда иштептирмин. Бир тарабы чыгармачылык, ишкерлик боюнча. Азыр борбор калаабыз үчүн жакшы бир долбоорлорду демилгелеп, аны ишке ашырып, бишкектиктерге пайдалуу иштерди кылсам деген үмүт-тилектерим бар.

- Сиз "Эмгек" партиясы аркылуу Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер катары шайлоого бара жатасыз. Бул партияны тандап алууңузга эмне түрткү болду?

- "Эмгек" партиясы жаш, он жылдык тарыхы болсо да өлкөнүн өнүгүшүнө бир топ салым кошуп келе жатат. Бул партия ар кандай интригаларга аралашпай келе жатат. Албетте, өзүнүн репутациясын булгабай, таза, жакшы кадыр-барк менен келе жаткан партиялардын бири "Эмгек" партиясы деп эсептейм. Анан чындап эле, мага "Эмгек" деген өзүнүн бренди, философиясы, концепциясы жана программасы жагат. Аны менен бирге эле менин жашоомдогу нерселер чагылдырылат. Анткени ар бир ийгиликке эмгек менен гана жетиш керек деп ойлойм. Анан кээ бир адамдар саясатка кокустан эле келип калып жатпайбы, мен андан алысмын. Ар бир тармактын өзүнүн кесипкөй адамдары болушу керек. Ошол чөйрөнүн жөн эле кызматкери эмес, мыктысы болуш үчүн талыкпаган эмгек керек. Ошол эмгек эрезеге жеткирет. Саясатта деле ошол. Анан да саясатта туруктуу позиция, терең билим жана тунук акыл талап кылынат.

- Эгерде мандатка ээ болуп калсаңыз кайсы маселеге көңүл бурат элеңиз?

- Бизде эң чоң маселе калаа башчылары бат-баттан алмашып турат. Анын кесепетинен жакшы бир долбоорлор аягына чыкпай, орто жолдо калып калууда. Ошондуктан мен биринчи тизмедеги долбоорлор менен таанышып чыгып, балким аны модернизация кылып, аны кантип жакшыртып, өнүктүрсө болоорун карап чыгууга аракет кылат элем. Ошондой эле баарыбызга белгилүү болгондой, шаарыбызда экология маселеси курч болуп турат. Ушуга көңүл бурат элем. Себеби бул жакта биз жана балдарыбыз жашап жатат. Ошондуктан экологияны жакшыртууга аз да болсо өз салымымды кошо алсам, бул мен үчүн чоң ийгилигим болмок.

- Борбор калаанын дагы кайсы көйгөйү сизди ойлондурат?

- Актуалдуу делгендерден шаарды каптаган кара түтүн ойлондурат. Негизи эле Бишкекте абанын булганышы боюнча эксперттер да "шаарда унаалардын көптүгү, ЖЭБден жана шаарды айланта каптаган үйлөрдөн чыккан түтүндөн болууда" деген ар кандай пикирлерди айтып жатышат. Мындан улам шаардын ичиндеги фабрика, цех, завод жана башкаларды шаардын сыртына чыгарса дейм. Мунун баарын бир кылка тартипке салуу шарт. Биздин партия бул маселени чечүүгө даяр. Партиябыздын алдына койгон реалдуу, конкреттүү жана келечектүү пландары бар. Ал пландарды ишке ашырууга демилгелүү жаштар, тажрыйбалуу, кесипкөй, эмгектин бардык баскычтарын басып, ысык-суугун көргөн жана күчкө толуп турган көп аткаруучуларыбыз бар экенин өзгөчө белгилеп кетким келет.

- Шаарыбыздагы коомдук транспорттордун жетишсиздиги боюнча маселе сизди ойлондурабы?

- Албетте! Биринчи кезекте мени шаарыбыздагы коомдук транспорттордун жетишсиздиги, элибиздин туш болуп жаткан кыйынчылыктар ойлондурбай койбойт. Азыр шаарга 400дөй жаңы автобусту алып келүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Бирок, ал жетишсиз, дагы жаңы коомдук унааларды алып келүүгө аракеттерди көрүшүбүз зарыл.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4 деген номер менен катталган.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 07.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2444