Жаш архитектор Бишкекке чакан Венецияны курууну сунуштайт
RU

Жаш архитектор Бишкекке чакан Венецияны курууну сунуштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Архитектор Руслан Шаршенбай уулу Бишкекте чакан Венецияны курууну сунуштайт.

Анын айтымында, ордо калаадагы Аалы Токомбаев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилиши көтөрүлгөн демилгеге ылайыктуу тилке. Чоң Чүй каналынын бир бутагы ошол аймактан агып өтөт, бирок ал жак суу көп келе бербейт жана жээги таштандыга чогулуп калган.

Руслан Шаршенбай уулу бул тилкени Венециянын духуна ылайыкташтырылса кандай көрүнүшү мүмкүн экендиги жөнүндө видеоматериал сунуштады.

"Бул бишкектиктердин жана борбордун конокторунун сейилдөөсү үчүн эң сонун аймак болмок", - деди ал.

Руслан Шаршенбай уулу "Эмгек" саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4-номер менен катталган.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 07.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2446