Шайлоо: Москвада жашаган кыргыз жараны административдик ресурстун колдонулушуна арызданды
RU

Шайлоо: Москвада жашаган кыргыз жараны административдик ресурстун колдонулушуна арызданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

26-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет кылуучу координациялык тобунун WhatsApp номерине Фейсбуктагы "Шайлоо 2021" тобунда Бектур Жумабековдун маалыматы жарыяланган, деген маалымат келип түшкөн.

Бектур Жумабековдун айтканына караганда, Москва шаарындагы Кыргызстандын элчилигине барып, президенттик шайлоо жана референдумга катышуу үчүн каттоодон өтүп жатканда, элчиликтин кызматкери андан "Садыр Жапаровго добуш бересиңби?" деп сураган.

Публикациянын авторунун пикири боюнча, бул административдик ресурсту колдонуу фактысы болуп саналат.

Координациялык топ билдирүүнү Генералдык прокуратурага жөнөттү.

Эске салсак, 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо жана республикадагы мамлекеттик башкаруунун формасы боюнча референдум өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/244