Жапаровдун пресс-катчысы Инандыны уурдоого кыргыз бийлигинин тиешеси жок деп билдирди
RU

Жапаровдун пресс-катчысы Инандыны уурдоого кыргыз бийлигинин тиешеси жок деп билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз бийлигинин Орхан Инандыны уурдоого катышы бар деген божомолдор таптакыр акылга сыйбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Анын дайынсыз жоголгону белгилүү болгон алгачкы күндөрдөн баштап, Президент Садыр Жапаров ыкчам-издөө иш-чараларын күчөтүүнү, чек араларды көзөмөлдөөнү жана Инанды издөөгө кошумча күчтөрдү тартууну буйрук кылган.

Анын үстүнө, буга чейин белгилүү болгондой Орхан Инандыны үч жолу уурдап кетүү аракеттери көрүлүп, акыркысы биздин атайын кызматтын кызматкерлери тарабынан токтотулган. Алар андан сак болууну, жан сакчыларынын коштоосунда болушун суранышкан ", - деди ал.

Султанбаев кошумчалагандай, уурдоо маселеси түрк тарапта көтөрүлүп, кечээ Тышкы иштер министрлигинде түрк элчисине нааразычылык нотасы тапшырылды.

"Учурда түрк тараптан расмий жооп боло элек, бирок алар оозеки түрдө Орхан Инанды Түркиянын жарандыгынан чыккан эмес жана Түркиянын жараны деп жарыялашат", - деп жыйынтыктады президенттин басма сөз катчысы.

Эскерте кетсек, "Сапат" түрк лицейлер тармагынын президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 31-май күнү кечинде ал өзүнүн Lexus GX470 унаасы менен үйүнөн чыгып кетип, 1-июнь күнү таңкы саат 4төрдө анын жол тандабас унаасы көчөдөн табылган. 5-июлда президент Эрдоган Түркиянын атайын кызматы тарабынан колго түшкөнүн жарыялаган. Көптөгөн коомдук ишмерлер жана саясатчылар Түркия менен Кыргызстандын аракеттерин айыпташты. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Инандынын кайтарылышын талап кылаарын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2453