Ыктыярчылар айгай сала башташты. Ооруканаларда орун жетишсиз. (Видео)
RU

Ыктыярчылар айгай сала башташты. Ооруканаларда орун жетишсиз. (Видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги ооруканалар коронавирус инфекциясын жугузуп алгандарды кабыл албай жатышат. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Демилгелүү жаштар борборунун ыктыярчылары билдиришти.

Волонтерлордун айтымында, алар оорулуу бейтапты салып алып, төрт оорукананы кыдырып чыгышты. Бирок, медициналык мекемелерде орун жок.

"ЖМКларга орун жетиштүү деп жазып жатышат, бирок шаар кыдырып андай эмес экенин түшүндүк. Оорукананын алдында бейтаптар отурушат, аларды тез жардам менен алып келишкен экен, эч ким кабыл алган жок. Биз келгенде күтө тургула, бир орун бар деп айтышкан. Бир аздан кийин башка дарыгер чыгып, орун жок деди", - деп ыктыярчылар айтып беришти.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы Kaktus.media'га башкача маалымат берди. Алардын айтымында, Воронцовка айылында эле 65 бош орун бар. "Жакынкы күндөрү дагы 200 орун ачылат. Учурда тез жардам кызматы тынымсыз иштеп жатат. Бирок бейтаптарды тез жардам менен алып келгени жакшы. Анткени алар кайсы жерде орун бар экенин билишет", - деп ведомоство билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2457