Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча кайрадан авиакаттам жүро баштайт
RU

Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча кайрадан авиакаттам жүро баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропорту" ААКсы Бишкек жана Шарджа шаарлар арасындагы туруктуу каттам учуусун улантаарын кабарлайт. Авиакаттам жумасына 3 жолу - шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Шарджа-Бишкек-Шарджа маршруттук каттамын Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы 2021-жылдын 16-июлунан тартып ишке киргизет. Учуу убактысы - төрт саат.

"МЭА" ААК учуулардын географиясын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташууну көбөйтүү максатында жаңы авиакомпанияларды тартып, алар менен жаңы каттамдарды жүзөгө ашыруу боюнча иш жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2461