Тимофей Ким: "Эмгек" партиясы Бишкекти кооз жана коопсуз шаарга айлантат
RU

Тимофей Ким: "Эмгек" партиясы Бишкекти кооз жана коопсуз шаарга айлантат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тимофей Ким билимдүү, эрудициясы күчтүү жана демилгелүү инсан. Жашы отузда гана болсо дагы, бизнес тармагында көп ийгиликтерди багындырып, эми алдына дагы да жаңы максаттарды коюуда. Максаты бишкектиктердин жашоосун жакшыртуу. Ошол максатын ишке ашыруу үчүн ал "Эмгек" партиясынын курамында шаардык кеңешке аттанууда.

Ал бизге маек куруп, Бишкек шаарынын негизги байлыгы эмнеде экенин, аны кантип көрктүү жана коопсуз шаарга айландырууга боло турганын айтып берди.

- Сиз саясатта жаңы жүз экенсиз. Шаарды өнүктүрүү үчүн кандай сунуштарды айта аласыз?

- Өзүм юридикалык билимимдин ээсимин. Студенттик алгачкы жылдарымды Москва шаарында өткөргөм. Андан кийин мекенге кайтууга туура келип, окуумду Бишкек шаарынан аяктагам. Бүгүнкү күнгө чейин окууга, өзүмдү-өзүм өнүктүрүүгө көңүл бөлүп келем. Буга азыркы учурда интернет булактары чексиз мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Кайда жүргөнүңө карабастан каалаган маалыматты алсаң болот. Эң негизгиси каалоо болушу шарт.

Бала кезимен тамак жасаганды жактырам. Кулинардык өнөрүм менен жакындарымды жана досторумду таң калтырууну жактырам. Бул өнөрүм каражат табуунун бир бутагына айланган. Ресторан иштетүү бизнеси менен алектенем. Ага чейин өндүрүш тармагында иштечүмүн. Машыгуу залына барам. Спортту жакшы көрөм. Ал өзүңдү-өзүң башкарууга, дисциплинага жардам берет. Спорт менен машыгуумдун дагы бир себеби – бул менин уулдарым. Алар үчүн бардык тарабынан үлгү болууга аракеттенем.

Шаарымды абдан жакшы көрөм. Анын өзүнүн мүнөзү жана индивидуалдуулугу бар. Андан эркиндиктин илеби байкалып турат. Андагы негизги байлыгыбыз - эл. 2020-жылдагы окуялар өлкө жана коом үчүн иш кылууда элибиз кандай бирдиктүү жана күчтүү болуп кетерин байкадык.

Акыркы алты жылдан бери "Жал" кичирайонунда жашап келе жатам. Ага чейин Бишкек шаарынын бардык райондорунда жашадым. Кайсы жерде кандай маселе бар экенин абдан жакшы билем. Шаарым үчүн акылымды, энергиямды жана идеяларымды жумшагым келет.

- Эгерде шаардык кеңешке келип калсаңыз эмнелерди өзгөртөт элеңиз?

- Биринчи кезекте балдарымдын жашагысы келгидей – таза, көрктүү жана коопсуз шаарга айландырат элем.

Үй-бүлөбүз менен Панфилов паркында көп сейилдейбиз. Ал жактын таза жана жашыл болгону бизге жагат. Бишкек шаарында эс алуу бактарынын көп болушун каалайт элем. Борбордо гана эмес, калктуу конуштарда да көбөйсө. Советтик доордо Бишкек шаары СССРдеги эң жашыл шаарлардын бири болуп эсептелинген эле. Андан бери кам көрүүнүн жетишсиздигинен улам көптөгөн дарактар куурап калды. Жерлерди басып алуунун айынан көптөгөн парктардын жана токойлордун аймактары кыскарды. "Эмгек" партиясынын программасынын жогоруда аталган маселелерге байланышкан пункту бар. Мыйзамсыз бак-дарак кыюунун жазасын күчөтүп, борбор калааны бакдарактар менен камсыздай турган көчөттөр отургузулуучу күнөскана курууну ойлоп жатабыз. Ирригация системасын оңдоп-түзөө, өнүктүрүү жана сугат иши үчүн скважиналардын эскисин калыбына келтирүүнү, жаңыларын курууну пландап жатабыз.

Программабыздын эки пункту шаардын тышкы көрүнүшүнө түздөн-түз тиешелүү. Эски имараттар анык бир архитектуралык стандартта эмес, жаңылары баш-аламан курулууда. БШКга өтүп калсак, шаардын бирдиктүү дизайны талабын киргизебиз (үйлөрдүн чатыры, дубалынын материалы, өңүнө чейин камтылат).

Ландшафттык дизайн менен алектенебиз. Борбордук көчөлөрдөгү имараттардын айланасы көрктүү дизайн менен шөкөттөлөт. Бишкектиктерге мындай көрүнүш жагарына жана туристтер үчүн кызыктуу болооруна ишенем.

Укук коргоо органдарынын талыкпай эмгектенгенине карабай, шаар тургундары жана калаанын коноктору өзүлөрүн толук кандуу коопсуз сезе алышпайт. Ага карата акыркы учурларда айрым жерлерге көзөмөлдөө камералары орнотулду. Укук бузууларды профилактикалоодо алардын жакшы жардамы тийүүдө. Аларды орнотуу ылдамдыгын жана санын көбөйтүп, тездетүү кажет. Бүткүл шаар боюнча мындай камералардын 5 миңин орнотуп бүтүүнү пландап жатабыз. Муну шаардык бюджеттен же болбосо "Коопсуз короо", "Коопсуз район" жана "Коопсуз шаар" долбоорунун чегинде ишке ашырабыз.

Бишкек шаарынын көйгөйлөрү жетишерлик. БШК депутаттары аларды чечүүдө приоритеттүүлүгүнө карай, татаалынан жеңилин утурлай билек түрө киришиши керек.

- Эмне үчүн дал ушул "Эмгек" партиясы менен шайлоого аттанып жатасыз?

- Партия прогрессивдүү жана бардык тарабынан менин жан дүйнөмө жакын. Анда идеалдуу баланс кармалып турат. Бир жагынан тажрыйбалуу башкаруучулар, экинчи тарабынан инновациялык идеялары бар жаштар курчап турат. Эң негизгиси баарыбыздын оюбуз бир.

Партиянын мүчөлөрү социалдык инфраструктураны өнүктүрүп, билим берүү тармагындагы долбоорлорду колдоп, жаш, демилгелүү жаштарды тарбиялап чыгарып, жүздөгөн ишканаларды жана миңдеген жумуш орундарын түзүп чыгышкан.

"Эмгек" партиясынын алгылыктуу тараптарын санап отурса абдан көп. Мен үчүн эң негизгиси команда мүчөлөрүнүн ортосундагы бирдиктүүлүк. Ал эми бул жалпы максаттарга жетүү үчүн эң негизги фактор.

-11-апрелдеги шайлоодогу "Эмгек" партиясынын эмгегинин натыйжасын кандай баалайсыз?

- Партия эбегейсиз чоң ишти жасап, татыктуу натыйжага жетти. Ал бардык шайлоо участкаларында лидерлик позицияда болду. Биз муну менен эле токтоп калбайбыз. 11-июлда дагы добуштардын көп пайызын алышыбыз керек.

- 10 жылдан кийинки өзүңүздү кандай көрөсүз?

- Балдарынын көзүн тартынбай карай турган адам катары көргүм келет.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 08.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2463