"Орундар бар дейсиңерби?" COVID-19дан жабыркагандарга машинеден жардам көрсөтүлүүдө. Видео
RU

"Орундар бар дейсиңерби?" COVID-19дан жабыркагандарга машинеден жардам көрсөтүлүүдө. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Валерий Кононов "эч нерсе кылбай жатат" деп бийликти айыптады. Анын айтымында, коронавирус инфекциясынан улам абалы оор бейтаптар үчүн орундар жок.

"Орундар бар дейсиңерби? Адамдын өмүру силер үчүн эч нерсе болбой калганбы? Биринчи оруда амбицияларыңар турат", - деп Кононов социалдык тармактарга жазган.

Сөзүнө далил катары видео тиркеген. Анда сатурациясы 43 болуп турган бейтапты ооркуналардын ренимация бөлумдөрү кабыл алуудан баш тартышкан, анткени орун жок, деп айтылып жатат. Ыктыярчылар Кызыл Жарым ай уюмунун машинесин коштоп жүрүштү. Бейтапка машинеден жардам көрсөтүлдү. Окуя акыры эмне болуп аяктады - белгисиз.

Мындай көрүнүш түндө болгон. Стационарлардын картасына ылайык, 8-июлдун саат 9:00го карата ковид-стационарларда 67 орун бар болчу. Бирок анын ичинен кайсылаы реанимациялык көрсөтүлгөн эмес.

Видео жана фото Валерий Кононовго таандык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2464