Милиция Бишкектин тегерегиндеги кара куурайды өрттөдү
RU

Милиция Бишкектин тегерегиндеги кара куурайды өрттөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй районунун ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери кара куурайды жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө. Мындай маалыматты Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы таратты.

Иш-чаранын алкагында короо жана кара куурай жабыркаган аймактарды айланып өтүү иштери жүргүзүлдү. Натыйжада, аянты 0,5 гектардан ашык, салмагы 500 килограмм жапайы кара куурай аныкталып, алгач чабылып, андан кийин өрттөлдү.

Ошондой эле, милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен бирге баңги заты бар өсүмдүктөрдү мыйзамсыз өстүрүүгө байланыштуу жоопкерчиликти жана аларды жок кылуу иш-чараларын өткөрүүсү зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Мындай иш чаралар жыл сайын өткөрүлөт, деп Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2485