Ош шаарында добуштарды сатып алуу фактысы аныкталды
RU

Ош шаарында добуштарды сатып алуу фактысы аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 7-июлунда Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү учурунда, Ош шаарында жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан саясий партиялардын бири шайлоочулардын добуштарын сатып алып жаткан факты аныкталды.

Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренеси (добуштарды сатып алуу) боюнча КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүү учурунда ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери тарабынан жаран Т.Г.дан далил катары 5 000 сом жана төрт шайлоо алдындагы календарь табылып алынды. Андан сырткары штабда тинтүү жүргүзүлүп, ноутбук, уюлдук телефон, үгүтчүлөрдүн тизмеси, штабка жакын жерде жайгашкан дүкөндө орнотулган камеранын видеосу алынды.

Депутаттыкка талапкер жаран С.П.нын өкүлү депутаттыкка талапкерге добуш берүү үчүн шайлоочуга жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнө 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын берген.

Кечээ, 2021-жылдын 8-июлунда депутаттыкка талапкер С.П. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда, бул факт боюнча жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат, деп ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2486