БШК шайлоосу. "Эмгек" партиясы Борбор калааны туристтер үчүн ыңгайлуу кылат
RU

БШК шайлоосу. "Эмгек" партиясы Борбор калааны туристтер үчүн ыңгайлуу кылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Ширин Абдыкеева "Эмгек" партиясы борбор калааны туристтер үчүн кандайча ыңгайлуу кыларын айтып берди.

Анын айтымында, алардын партиясы тарабынан даярдалган "Демилгелүү шаар" шайлоо программасында туризм темасына абдан жакшы көңүл бурулган. "Биз шаардык кеңешке келсек, шаардын сырткы көрүнүшү үчүн бирдиктүү эрежелерин кабыл алабыз. Жаңы имараттарды курууда бир нече маанилүү жагдайлар, анын ичинде дубалдарды жана чатырларды кооздо үчүн колдонулган материалдар жана түстөр эске алынат. Бүгүнкү күндө андай бирдиктүү стандарттар жок. Жаңы имараттар башаламан долбоорлонгон, ал эми эски имараттарда бир дагы архитектуралык стиль жок, - деди Ширин Абдыкеева. - Шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу үчүн, биз ошондой эле ландшафттык жасалгалоо жана жашылдандыруу иштери менен алектенүүнү пландап жатабыз. Борбордук көчөлөрдүн боюндагы имараттарды жана курулуштарды декоративдүү ландшафттык жасалгаланат".

Бүгүнкү күндө Бишкекте тарыхый баалуулуктарды жайылткан бир дагы маданий жана эс алуу борбору жок. "Эмгек" партиясы муну оңдоону ниеттенип жатат. "Аны "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексинин базасында ачсак болот. Бул комплекстин потенциалы колдонулбай, кейиштүү абалда. Биз ал жерди тарыхый, маданий жана туризм борборуна айлантып, жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы этносторунун өкүлдөрүнүн катышуусунда эл аралык фестивалдарды өткөрүп турууну каалайбыз", - деди Ширин Абдыкеева.

"Борбор шаар - мамлекеттин жүзү. Борборго келген туристтер жалпы өлкө жөнүндө түшүнүккө ээ болот. Демек, биз шаарыбызды мүмкүн болушунча жакшы жагынан көрсөтүшүбүз керек. Биз калаанын аймактарын өз убагында санитардык жактан тазалоону, көчөлөрдү, аянттарды жууп, эстеликтерди, отургучтарды, таштанды челектерди жана башка объектилерди талаптагыдай тейлөөнү камсыз кылабыз. Экскурсиялык автобус турларды ишке киргизебиз", - деди ал.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4 деген номер менен катталган.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 09.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2490