БШК шайлоосу. Жаңы конуштарды өнүктүрүү – "Эмгек" партиясынын негизги багыттарынын бири
RU

БШК шайлоосу. Жаңы конуштарды өнүктүрүү – "Эмгек" партиясынын негизги багыттарынын бири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы 30 жылдын ичинде Бишкекте көптөгөн жаңы конуштар пайда болду. Азыркы тапта калктуу конуштарда инфраструктура өнүккөн эмес, мектеп, бала бакча, маданият үйлөрү, унаа жолдор, тротуар, эс алуу жайлары, көчө жарыгы, таза суусу жана канализациясы жок. Айрым жерлерде электр өткөргүч линиялары да жок. Жаңы конуштун жашоочулары таза иштеп, жакшы жашоого татыктуу. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Ильяз Чалов "Эмгек" партиясы алар үчүн эмне кыла алаарын айтып берди.

Анын айтымында, партия жаңы конуштар шаардын бүтүндөй бир бөлүгү деп эсептейт жана алардын жашоочуларын бардык ыңгайлуулуктар менен камсыз кылууга ниеттенүүдө. "Эгерде биз БШКга келсек, анда жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртабыз. Зарыл болгон жерлерге жолдорду, мектептерди, бала бакчаларды жана маданият үйлөрүн курабыз, электр энергиясын, суу түтүгүн жана канализацияны орнотобуз", - деди Ильяз Чалов.

Бишкекте көптөгөн сейил бактар жана скверлер курулуп жатат. Бирок, алар көпчүлүк конуштардан алыс жайгашкан. "Ар бир жаран өзүнө ыңгайлуу учурда, таза абада сейилдей үчүн жөө бара ала тургандай болушу керек. Өнүккөн шаарларда кичи эс алуу жайлары (Pocket park's) курулуп жатат. Ал жерде күндүн ысыгынан корголоп, гүлдөргө суктанып, балдар менен сейилдөөгө жана досторуңуз менен жолугушууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Мындай эс алуучу жайларды жаңы конуштарга жана борбордун башка райондоруна курабыз", - дейт талапкер.

"Биз шаар боюнча беш миң видеокөзөмөл орнотууну пландап жатабыз. Бул кварталдарда, конуштарда жана эл көп топтолгон жерлерде кылмыштуулукту алдын алууга жардам берет. Шайлоо алдындагы программабыздын дагы бир пункту тротуарларга байланыштуу. Жакынкы төрт жылдын ичинде бюджеттик жана гранттык каражаттардын эсебинен шаарга 200 чакырым тротуар курабыз. Алардын бир бөлүгү жаңы конуштарга курулат", - деп кошумчалады ал.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4 деген номер менен катталган.

"Эмгек" саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү М.Омуралиева тарабынан каржыланды.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 09.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2492