Чолпон-Атада катамарандын ээси көлдө эс алып жүргөндөрдү сабап салды
RU

Чолпон-Атада катамарандын ээси көлдө эс алып жүргөндөрдү сабап салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Атада көл жээкте эс алып жүргөн индиялыктарды катамарандын ээси сабап салды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабыркагандар айтып беришкен.

Окуя "Голубой Иссы-Куль" санаторийинин жээгинде болгон. Эс алып жүргөн үй бүлө эки саатка катамаранды алып, 500 сом төлөшкөн. Катамаранды ээсине убактысынан эрте кайтарып беришкен.

"Бирок, ал бизди үч саат жүрдүңөр деп негизсиз күнөөлөп, дагы акча төлөшүбүздү талап кылды. Мен макул болгон жокмун. Ал ачууланып күйөөмдү бутка тээп, бооруна муштум менен сокту. Мен ага болуша кетсем, мени да оозго бир урду. Жаныбызда эки балабыз бар болчу. Ал үй бүлөбүздү кумга көөмүп салам, деп коркутту", - деп жабыркаган келин айтып берди.

Жабыркагандар милицияга кайрылып, арыз жазышкан. Аларга ишти сотко өткөрүп берүүну убада кылышыптыр. Бирок жабыркагандардын айтымында, катамарандын ээсине эч кандай чара деле көрүлбөйт өңдүү, ашып кетсе административдик айып салынат.

Ысык-Көл облусунун ИИБси окуянын чоо-жайын аныктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2494