Абитуриент-2021 АЭУга кош келиңиз
RU

Абитуриент-2021 АЭУга кош келиңиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Урматтуу абитуриенттер!

Алгач бардыгыңарды мектепти аяктаганыңар менен куттуктайбыз!

Эми силер оор ошол эле учурда тагдырды чече турган чечим кабыл алуунун алдында турасыңар:

"Ким болсом?", "Кайсы университет мага ылайыктуу?", "Кайсы кесипти тандасам жаңылбайм?"

Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын саны жетиштүү, каалагандыңды тандап алса болот. "Ала-Тоо" университети жардам берип, суроолоруңарга жооп берүүгө даяр!

Келечегиңерди бизге табыштаңыз, биз сизге дүйнө каалгасын ачып беребиз!

Дүйнөлүк стандарттарды эске алып, эң заманбап кесиптин ээси болууну кааласаңыз төмөнкү төрт факультеттерди сунуштай алабыз (окк мөөнөтү - төрт жыл):

Информатика жана инженерия факультети:

  • информатика жана эсептөө техникасы;
  • колдонмо математика жана информатика.

Экономика жана башкаруу факультети:

  • менеджмент;
  • эл аралык мамилелер;
  • финансы жана кредит;
  • эл аралык бизнес жана экономика;
  • эл аралык жана бизнес укук.

Гуманитардык илимдердин факультети:

  • филология;
  • лингвистика;
  • психология;
  • педагогика;
  • журналистика.

Медицина факультети:

  • дарылоо иши.

"Ала-Тоо" эл аралык университетине абитуриенттер Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарынын негизинде кабыл алынат. Кирүү экзамени жок. АЭУ программаларына катталуу үчүн ЖРТдан өтмөк упай 105 кем эмес болууга тийиш. "Дарылоо иши" жана "Информатика жана эсептөө техника" программаларына тапшыруу үчүн негизги тесттен 110 жана 130 упайдан кем эмес болууга тийиш. Медицина факультетинде билим алууну каалагандар кошумча сабактардан тест тапшырып, химия - 60 упай минимум, биология 60 упай минимум болууга тийиш.

АЭУда окутуу контрактык негизде, бюджеттик орундар жок.

Факультеттердин окутуу акысын бул жерден көрө аласыз.

Бирок студенттердин басымдуу бөлүгүнө жеңилдетүүлөр берилет. Анткени биз 5%дан 50%га чейин финансылык колдоо көрсөтөбүз. Жеңилдетүүлөрдүн шарттары менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Окууга тапшыруу арызын кабыл алуу www.2020.edu.gov.kg порталында, "Абитуриент онлайн" системасы аркылуу жүрөт. Биринчи тур 2021-жылдын 12-июлунда 08:00до башталат.

Абитуриентти студент катары кабыл алуу, АЭУнун кабыл алуу комиссиясына документтер пакети тапшырылгандан кийин жүрөт.

АЭУнун бакалавриатына тапшыруу үчүн керектелүүчү документтер:

  • паспорт (түп нускасы + көчүрмөсү);
  • ЖРТнин сертификаты (түп нускасы + көчүрмөсү);
  • аттестат (түп нускасы + көчүрмөсү);
  • 3*4 форматындагы алты фото сүрөт;
  • катталуу күбөлүгүнүн же аскер билетинин көчүрмөсү (жигиттер үчүн);
  • окутуунун жалпы суммасынын 30% төлөп коюу.

Ala-Too International University English Proficiency Test (AIU EPT)

Белгилүү болгондой, АЭУда окутуу англис тилинде жүрөт. Жалпы билим берүүчү сабактар мамлекеттик жана расмий тилде берилет. Биринчи курска кабыл алынган абитуриент англис тилин Intermediate деңгээлинде билүүсү шарт. Каттодон өткөн абитуриенттердин бардыгы AIU EPT'ке катышышат. Ал беш бөлүктөн турат:

  • Vocabulary;
  • Grammar;
  • Reading;
  • Listening;
  • Writing.

60%дан 100%га чейин алган студенттер программанын биринчи курсуна которулуп төрт жыл окушат. Ал эми калгандар АЭУнун дарядоо курсуна кабыл алынып, англис тилин алып жүрүүчүлөр менен окушат. Алардын окуусу беш жылга созулат. Foundation Course'ту аяктагандан кийин студенттер кайрадан ЖРТ тапшырышпайт. Алар автоматтык түрдө өз адистиги боюнча биринчи курса кабыл алынышат.

AIU EPT бул кабыл алуу тести эмес. Анын жардамы менен студенттердин англис тилди билүүсүн аныктап, деңгээлдер боюнча бөлүштүрөбүз.

TOEFL (IBT-60 points), IELTS (6.0 points), оригинал сертификаты бар абитуриенттер көчүрмөсүн көрсөтүп, АЭУнын биринчи курсуна автоматтык түрдө кабыл алынып, AIU EPT тестин тапшырышпайт.

Абитуриенттерди кабыл алуу Бишкек шаары, Тунгуч кичирайону, Анкара көчөсү 1/10 (Валиханов көчөсүнүн кесилишинде) дареги боюнча, кабыл алуу комиссиясынын күн тартибине ылайык жүрөт.

Суроолорунуз болсо төмөнкү номер боюнча телефон чалып консультация алсаңыз болот:

+996 555 82 00 00 (W/App).

Белгилүү бир себептерге байланыштуу университетке келип окуй албагандарга, Дистанттык окутуунун эл аралык борборубуз аралыктан окуп сапаттуу билим алуу үчүн эки программаны сунуштайт (окутуу мөөнөтү беш жыл):

  • менеджмент;
  • педагогика.

9-11-класстардын базасында "Ала-Тоо" Эл аралык университетинен орто кесиптик билим алуу

"Ала-Тоо" эл аралык университети тогузунчу жана он биринчи класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн IT & Business College'ден орто кесиптик билим алууну сунуштайт (окутуу мөөнөтү - үч жыл):

  • экономика жана бухгалтердик эсеп;
  • маркетинг;
  • эсептөө техникасынын жана автоматташтырылган системалардын программалык камсыздоосу;
  • компьютердик системалар жана комплекстер;
  • компьютердик-графикалык дизайн.

Белгилей кетчү жагдай, ЖРТдан жетиштүү упай ала албаган студенттер биздин колледжден окуй алышат. Колледжди бүтүргөндөн кийин бакалавриаттын экинчи курсуна ЖРТсиз отурушат!

"Ала-Тоо" эл аралык университетинин IT & Business College'ине тапшыруу кирүү экзамендеринин негизинде (математика, англис тили) кабыл алынат. 2021-жылы Кыргызстандагы өзгөчө кырдаалды эске алуу менен кирүү экзамени онлайн форматта индивидуалдуу жүрөт. Катталуу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз.

Көңүл буругула!

Данныйларды (телефон номерди жана e-mail даректи) туура киргизүү зарыл, анткени андан кийинки маалымат ушул реквизиттерге жөнөтүлөт.

Экзаменден ийгиликтүү өткөндөн кийин абитуриент менен колледждин кызматкери байланышып, андан ары эмне кылышты айтып берет.

Колледждеги программалар боюнча билим алуу тандаган программага жараша бир жылга $1500 - $2000.

Кабыл алуу комиссиясы Бишкек шаары, Тунгуч кичирайону, Анкара көчөсү 1/10 (Валиханов көчосүнүн кесилишинде) дареги боюнча, абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин кабыл алат.

Төмөнкү телефон номерлерге чалып, консультация алсаңыз болот

+996 551 50 54 77, +996 703 94 34 40.

IT & Business College'ге тапшыруу үчүн керектелчү документтер:

  • туулгандыгы тууралуу күбөлүк/паспорт (түп нускасы жана көчүрмөсү);
  • негизги билим алууну аяктагандыгы тууралуу күбөлүк (9-класс үчүн)/аттестат (11-класс үчүн);
  • контрактын жалпы суммасынан 30%ын төлөө

Кошумча суроолоруңар жаралса төмөнкү телефон номерлер аркылуу байланышыңыз:

бакалавр: +996 555 82 00 00;

IT & Business College: +996 551 50 54 77, +996 703 94 34 40.

Студенттер жана окутуучулар менен алмашуу боюнча эл аралык программа

АЭУнун эл аралык офиси университетибиздин артыкчылыктүү бөлүмү. Анын он жылга чукул тарыхында жүздөгөн студенттер жана мугалимдер түрдүү программалар боюнча дүйнө жүзүн кыдырышты. Анткени АЭУ 25 өлкөдөгү 75 университет менен кызматташат!

Кайсы өлкөлөрдө шериктештик жождор бар экенин бул жерден көрүп билсеңиз болот.

Биздин алмашуу программаларыбыз, студенттердин ийгиликтери, мугалимдик курам жана окутуу программалар боюнча эркин маалыматты www.alatoo.edu.kg сайтынан таба аласыз.

Эми акырында...

"Урматтуу абитуриенттер Ала-Тоо" эл аралык университетинин администрациясынын атынан силерге ийгилик, дем-күч жана бакыт каалайбыз! Тандооңор бул жашоодогу эң туура кабыл алган чечимдердин бири болуп, кесиптик турмушта көптөгөн ийгиликтерге жетишкиле!

"Ала-Тоо" университетинде жолугушканча кайыр кош болгула!

Урматым менен,

АЭУ.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2496