"Эмгек" партиясы №4. Биз жеңгенбиз! Биз жеңебиз!
RU

"Эмгек" партиясы №4. Биз жеңгенбиз! Биз жеңебиз!

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары!

Бишкек шаардык кеңешинин шайлоо кампаниясы аягына чыгып баратат. Ал болгону 19 күнгө гана созулду. Пандемияга байланышкан кыйын кырдаалдан улам биздин партия массалык иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартты. Анткени, сиздердин ден соолугуңуздар биз үчүн баарынан жогору турат. Бирок, ошентсе да, өзүбүздүн программабызды жана максаттарыбызды таанытуу үчүн сиздер менен көчөдө, короолордо жана парктарда жолугуп жаттык.

Араңыздардан айрымдар: "Эмне үчүн жайдын ысык күнүндө, өргүү, эс алуу учурунда шайлоо өткөрүп жатасыңар?", - деген суроону берип жатышты. Ал эми биз шайлоонун кайрадан өткөрүлүп жатканын айттык. Кезектеги БШК шайлоосу апрель айында болуп өткөн эле. Ошол учурдагы шайлоо алдындагы кампаниябыз өтө курч жана мазмундуу түрдө өткөн. Миңдеген бишкектиктердин ишенимине кирип, жыйынтыгында көп добуш алуу менен биринчи орунду багындырганбыз. Чын ниетибиз менен жеңишке жетип, бирок шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган болчу.

Урматтуу шайлоочулар!

Сиздер бизге жаз айында көрсөткөн ишеним бизге кайрадан дагы жеңишке жетүүгө болгон үмүттү тартуулады. Ошондуктан, биз кайталап шайлоого катышууга чечим чыгардык. Бул жолу да биз экологиянын начарлашы, коомдук транспорттун жетишсиздиги баш болгон Бишкек шаарына байланыштуу актуалдуу маселелерди камтыган, "Демилгелүү шаар" деген программабыз менен чыктык. Бул маселелер тууралуу сиздер менен талкуулашып, аларды чечүү жолдорун түшүндүргөнбүз. Биздин ыкмабыз жана идеяларыбыз эч кимди кайдыгер калтырган эмес эле. Ал эми талапкерлерибиз болсо карапайым элдин арасынан чыккан чыныгы инсандар экендигин, берилүү менен иш алып бара тургандыктарын далилдеп беришкен болчу.

Биздин партияга, талапкерлерибизге жана программабызга көңүлүңүздөрдү буруп бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз! Бул кампаниянын жүрүшүндө сиздердин чын дилден чыккан ынтызарлыгыңыздарды көрүү менен шайлоого кайрадан аттанганыбызга өкүнгөн жокпуз. Биз таза иш алып бардык. Ал эми башка жолдорду билбейбиз жана каалайбыз!

Шайлоонун июль айында өтүп жатканы туура чечим. Анткени аны улам артка жылдыруунун кажети деле жок. Болушунча тезирээк коллектив түзүп, алар шаарга байланышкан маселелерди эртелеп чечүүгө киришиши керек. Ал эми маселелер болсо толуп жатат!

11-июлда өзүңүздөрдүн шайлоо участкаларыңызга келип, "Эмгек" партиясына добуш бериңиздер. Бюллетенде №4 деген номер менен катталганбыз. Сиздердин колдооңуздар менен жеңишке жеткенбиз. Бул жолу да жеңишке жетебиз деп ишенебиз!

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 09.07.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2499