Оштун мэриясынын алдына элдер чогулуп, ипотеканын кредитин 0%га түшүрүүнү талап кылышты
2523
Бүгүн, 29-декабрда Оштун мэриясынын алдына 40-50дөй киши чогулуп, жергиликтүү кеңештин депутаттары түштүк борборго ипотекалык кредит берүүнүн алкагында пайыздык ченемди төмондөтүү маселесин карап чыгууну талап кылышты. Учурда пайыздык ченемдин бир жылдык ченеми 4%ды түзөт.
Ош шаарынын мэриясы, бүгүн депутаттар ипотекалык кредит боюнча маселени карай турганын билдирди.
"Айрым жарандар пайыздык ченемди төмөндөтүүнү суранышса, айрымдары 0% кылууну талап кылып жатышат", - деп мэрия комментарий берди.
Адамдар эч кандай лозунгдарды айтышкан жок, жыйын тынч өтүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/249