"Ала-Арча1" VIP шаарчасында "Альфа" курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн уулу атынып алды
RU

"Ала-Арча1" VIP шаарчасында "Альфа" курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн уулу атынып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-июлдан 10-июлга караган түнү "Ала-Арча-1" VIP шаарчасында 18 жаштагы бала өз өмүрүнө кол салган: ал "Сайга" брендинин травматикалык куралы менен өзүн өзү башка аткан. Бул тууралуу Kaktus.mediaга маалымат булактары билдирди.

Күбөлөрдүн айтымында, ал өзү курактуу дагы үч жигит менен шаар сыртындагы үйүндө эс алып жаткан. Жигиттер курал менен ойношуп, сүрөткө түшүшкөн. Маалым болгондой, каза болгон Д.А досторуна өзүн-өзү өлтүрө тургандыгын айткан - достору ага куралды ордуна коюуга кеңеш беришип, ал тургай тапанчада октун бар-жогун бир нече жолу текшеришкен. Анткен менен тапанчада бир ок калган экен.

Белгилүү болгондой, маркум "Альфа" курулуш компаниясынын негиздөөчүсүнүн уулу. 18 жаштагы Д.А. жана анын достору "Ала-Арча-1" VIP шаарчасынан үйдү ижарага алышып, акыркы 7-8 айдан бери ошол жерде жашашкан.

Белгилей кетсек, "Ала-Арча-1" VIP-шаарчасы ал жерде саясатчылар, чиновниктер жана ишкерлер жашагандыгы менен белгилүү. Бул шаарчада Өмүрбек Бабанов, Райым Матраимов жана башка белгилүүлөрдүн үйлөрү бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2509