Президенттике талапкерлигин койгон төрт кандидат биригүүнү чечти
RU

Президенттике талапкерлигин койгон төрт кандидат биригүүнү чечти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттикке талапкерлигин койгон төрт кандидат - Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Канат Исаев жана Каныбек Иманалиев экинчи тур боло турган болсо, бириге турганын маалымдашты. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда, биргелешкен басма сөз жыйыны учурунда белгилүү болду.

Алардын айтымында, белгилүү бир саясий топко атаандаш болуу максаты биригүүгө себепкер болду.

"Шайлоо алдындагы кампания мыйзам бузуулар менен өтүп жатат - административдик ресурс колдонулууда, кысым көрсөтүлүп, коркутуулар орун алды. Биз шайлоонун фальсификация болушун күтүүдөбүз", - деди Мадумаров.

Добуш берүүнүн экинчи туру боло турган болсо, алар биригип, бир кандидатты чыгара турганын билдирип, башка талапкерлерди да кошулууга үндөштү.

"Бирок бардыгы өтө тез өзгөрүп жатат, балким ага чейин деле биригишибиз мүмкүн", - деп талапкерлердин бири кошумчалады.

Ошондой эле, талапкерлер Бишкек административдик сотко БШК тарабынан президенттике талапкерди каттоо тартиби бузулган, деген арызы менен кайрылышты.

"Буга чейин менин атыман доо арыз жазылган. Бирок, азыр башка себептер боюнча БШКга доо арыз жаздык", - деди Сооронкулова.

Кандидаттар мындан ары шайлоочулар менен жолугушууларга бирге да өз алдынча да бара тургандарын билдиришти.

Эске салсак, мөөнөтүнөн эрте өтө турган президенттик шайлоого 18 кандидат талапкерлигин коюшту. Шайлоо 2021-жылдын 10-январында, башкаруу формасын тандоо референдуму менен бир өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/250