Түркия жарандарына паспорт берүү иши. Дүйшөн Сатыбалдиев камакка алынды
RU

Түркия жарандарына паспорт берүү иши. Дүйшөн Сатыбалдиев камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин мурунку башчысы Дүйшөн Сатыбалдиев түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт бергендиги үчүн кармалды. Бул тууралуу Kaktus.mediaга укук коргоо органдарынын кызматкерлери кабарлашты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген Дүйшөн Сатыбалдиев Түркия жарандарына кыргыз паспортун берүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган фактысы боюнча кармалган.

ШИИБ ыкчам-издөө иш-чаралары улантылып жаткандыгын баса белгиледи.

Эске салсак, Түркиянын жарандары үчүн мыйзамсыз түрдө Кыргызстандын паспортун бергендиги боюнча кылмыш иши кыргыз жараны Орхан Инанды белгисиз адамдар Түркияга алып кетишкенден кийин башталган, ал FETO экстремисттик уюмуна катыштыгы бар деп айыпталган.

Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, Орхан Инанды Түркиянын жаранынын паспортуна ээ болуп, 2012-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын ID-паспортун, ал эми 2012-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортун алган.

Инанды, Кыргызстандын жаранынын паспортуна ээ болуп, Түркия Республикасынын 2024-жылдын 23-сентябрына чейин жарактуу паспортун колдонуп, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан 27 жолу өтүп, Азербайжан, Казакстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия, Түркия жана Индияга 2014-жылдан 2018-жылга чейин каттап жүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2521