Бирөө жарым жолдо унаасын калтырып кетсе, багажнигин ачып, дөңгөлөктөрүн чечип кетишиптир
RU

Бирөө жарым жолдо унаасын калтырып кетсе, багажнигин ачып, дөңгөлөктөрүн чечип кетишиптир

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас - Бишкек трассасында, Өтмөк ашуусунда бирөө жарым Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил автоунаасын калтырып кеткен. Бул тууралуу Facebook'тун колдонуучусу Нурлан Сагынбаев жазып, видео тарткан.

Видеонун автору машиненин үч дөңгөлөгүн чечип, багажнигин ачып, алдыңкы айнегин сындырышканын айтып берет.

Ал жерде жаткан унаанын катталган номерин B5315BA таап алып, багажнике салып койду. Эгер машинени ээсин билгендер болсо анын абалы тууралуу айтып койгула, деп интернет колдонуучулардан суранды.

"Өткөндө өтүп келатканда бул мерстин бузулуп турганын көрдүм эле, мына бүгүн дөңгөлөктөрүн чечип кетишиптир. Машиненин ээсин тааныгандар болсо айтып койгула", - дейт Нурлан Сагынбаев.

ЖКККББ учурда бул маалымат такталып жатат, тагыраак маалымат кийин берилет деп Kaktus.media'га билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/252