"Ысык-Көл" аэропорту Ташкенттен туристтик мезгилдин алгачкы учагын тосуп алды
RU

"Ысык-Көл" аэропорту Ташкенттен туристтик мезгилдин алгачкы учагын тосуп алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту бүгүн 11-июлда, жайкы туристтик мезгилдин алгачкы Ташкент-Тамчы-Ташкент маршруттук каттамын тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы малымдады.

Эл аралык авиамаршрутту Ташкенттен Ысык-Көл областына Uzbekistan Airways авиакомпаниясы аткарып, ал 40 жүргүнчүнү жеткирди.

Авиакомпания каттамды жумасына 1 жолу - жекшемби күнү жүргүзүүнү пландоодо.

Учуу убактысы - 1 саат 30 мүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2535