Кыргызстандын калкынын 70%ы эмделгенден кийин гана Кытай жүк ташуучу машинелерди өткөрөт
RU

Кыргызстандын калкынын 70%ы эмделгенден кийин гана Кытай жүк ташуучу машинелерди өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кытай тарап жүк ташуучу машинелерди өткөрбөй жаткандыгынын себебин айтып берди.

Жогорку Кеңеште бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында Мукашев бүгүнкү күндө бажы аркылуу күнүнө 30-35 машине гана өткөнүн маалымдады.

Депутаттар эмне үчүн мындай көрүнүш болуп жатат деген суроону бергенде, Мукашев Кытай тарап калкты вакцинациялоо маселесин көтөрдү, деп жооп кайтарды.

"Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө, алар калктын 70%ын эмдөөдөн өткөрүү маселесин көтөрүп жатышат", - деп Мукашев билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2539