Боевик кинодогудай. Ысык-Көлдө кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты
RU

Боевик кинодогудай. Ысык-Көлдө кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы күч колдонуу жана коркутуу менен жеке ишкерлерден акча талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты.

Облустун ОИИБси билдиргендей, жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында, жеке ишкерлерден акча талап кылган адамдардын өздүгү аныкталган.

Алар, КР ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү катары турган, Бостери айылынын тургундары 27 жаштагы А.Т., 24 жаштагы А.Р. жана Б.Б. болуп чыгышты.

Аталган факт, Ысык-Көл ОИИБдин КЖБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 268 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

11-июль күнү шектүү А.Р. жана Б.Б. "Инфинити" автоунаасы менен бара жатышканда, Бостери айылынын көчөлөрүнүн биринде милиция кызматкерлери тарабынан токтотулган. Өздүк кароо жүргүзүү учурунда, кийип жүргөн кийимдеринин чөнтөктөрүнөн жапайы кендирдин жыты бар зат табылып алынды. Андан тышкары автоунаанын ичинен 16-калибрдеги колго жасалган кесилген ок атуучу курал да табылып алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2544