Улуттук байлыкты элге кайтарып берүүгө Кыргызстандын президентинин саясий эрки жетеби?
kaktus.kg

Улуттук байлыкты элге кайтарып берүүгө Кыргызстандын президентинин саясий эрки жетеби?

97  0

8-июнда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев дүйнөдөгү эң ири бийик тоолуу кендеринин бири Кумтөр долбоордун ар кандай баскычтарындагы коррупция фактыларына байланыштуу кылмыш иштери боюнча иликтенип жаткандыгын жарыялады. Кумтөр республиканын ИДПсынын 10% дан ашыгын камсыз кылат. Бул иш боюнча ондогон аткаминерлер жана 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнү башкарган мурдагы президенттердин бардыгы - Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков - айыпталуучулар катары каралууда. Чет өлкөдө жашап жаткан Акаев жана Бакиев эл аралык издөөгө жарыяланган. Бул постсоветтик мейкиндик үчүн пара жолу менен уурдалып ээленген (түзмө-түз жана каймана мааниде) миллиарддаган долларлык алтынды кайтарып берүү боюнча улуттук өкмөттүн буга чейин болуп көрбөгөндөй аракети жөнүндө сөз болуп жатат.

Кыргызстан Россиянын эң достош мамлекеттеринин бири болуп саналат. Ал Евразия экономикалык биримдигине жана Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмуна кирет, орус тилинде өлкөнүн калкынын жарымы эркин сүйлөйт жана анын расмий статусу Конституцияда бекитилген. Бул өлкө Тянь-Шань жана Памир-Алай системасынын батыш жана борбордук бөлүгүндө жайгашып кайталангыс табиятка жана пайдалуу кендердин запастарына ээ.

Тилекке каршы, 30 жылдан бери жаш республиканын жетекчилери экономиканы көтөрүү менен алектенбей, Советтер Союзунан калган же жердин катмарындагы байлыктарды талап тоноого гана умтулушту. Натыйжада Кыргызстан Азиянын эң жакыр өлкөлөрүнүн бирине айланды, жана жарандардын бир кыйла бөлүгү чет өлкөгө, биринчи кезекте Россияга кетип, акча табууга аргасыз болушкан.

Кумтөр кенин 1978-жылы советтик геологдор табышкан.

1997-жылы канадалык "Камеко" тоо-кен компаниясы Кумтөрдө алтын өнөр жайлык өндүрүштү баштаган. 2003-жылы компания кен ишканасын Кыргыз Республикасына бардык негизги фонддор менен өткөрүп бериши керек эле. Бул убакыттын ичинде алтындын баасы бир кыйла көтөрүлүп кеткен, ошондуктан канадалыктар ошол кездеги президент Аскар Акаевди коррупциялык схемага аралаштырды. Камеконун активдери жаңы түзүлгөн "Центерра Голд Инк." компаниясына өткөрүлүп берилет, ал жерде республика 67 пайызга ээ болбой, болгону 33 пайызына ээ болуп калат. Бул иш Торонто биржасында листинг шылтоосуна пайдаланалып жасалат. IPO алдында, Акаев мамлекеттик акциялардын бир бөлүгүн арзыбаган акчага сатууга жетишти, бирок жакынкы келечекте алар бир нече эсе кымбатташы экени айдан ачык эле. Ошентип, мамлекеттин үлүшү макулдашуу боюнча... 100 пайызга ээ болгондун ордуна 26% га чейин төмөндөдү.

Компаниянын үстүнөн толук операциялык көзөмөлдү алгандан кийин, "чет элдик инвесторлор" ыңкылаптардын натыйжасында алмаштырылып турган бардык башкаруучу элиталарды пара берип сатып алып турушту. Аларга көзөмөл органдары, экологиялык текшерүүчүлөр жана салык органдары тийишкен эмес. Жасаган иштери үчүн өздөрүн толук жазасыз болоорун сезип, Джозеф Данингтин формуласын цитата кылган Карл Маркстын сөздөрү даана тастыкталып жатат, ал формула боюнча "капитал үчүн 300 пайыз пайда көрөөрү болсо, алар бардык кылмышка тобокел салып өлүмдөн да коркпой барууга даяр" деп айтылат.

Натыйжада айлана чөйрөгө абдан чоң зыян келтирилип, ошол жерде иштеп жана жашап жаткан 3,5 миң адамдын ден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч туудурат. Акыркы трагедиялык окуя декабрь айында орун алды. Тоо көчкүнүн алдында эки жумушчу набыт болуп, алардын сөөктөрү ушул күнгө чейин табылбай калды. Жакын арада мен өзүм кенге барып келип, ал жерде жарым күн өткөрүп бул үрөй учура турган абалды өз көздөрү менен көрдүм. Жолдордун үстүнөн эч нерсе менен бекемделбеген тектердин кабаттары салаңдап турат. Эки миллиард тоннадан ашык иштетилген тектери деңиз деңгээлинен беш миң метр бийиктикте мөңгүлөрдүн тилдерине үстүнөн түздөн-түз эле төгүлгөн. Ал жер дагы Тянь-Шань тоолорунда, сейсмикалык коркунучтуу зонада! Мөңгүлөр күтпөгөн учурда жылып кетиши ыктымал. Бир тарапта 3,5 миң адам турган жайды басып өлтүрүп кетиши мүмкүн, башка жагынан болсо цианидтерди (алтынды шакарлоо үчүн колдонулат) сактаган жайды түртүп кетиши мүмкүн. Андан кийин бул агымдар Борбордук Азиянын өрөөнүнө баруучу тоо дарыялардын башатын ууландырат.

Ардактуу "инвесторлор" бардык салыктарды жана дивиденддерди төлөбөй келишти. 25 жыл ичинде 27 миллиард доллар киреше алып, Кыргыз мамлекети үчүн акционерге берилген бардык дивиденддер болгону 87 млн. долларды түзгөн. 2017-жылы "Центерранын" жетекчилиги дээрлик 1,5 миллиард доллар топтогон, андан кийин аны Кыргызстандын аймагынан алыс жайгашкан кендерге, мисалы, Невадада 500 миллион долларга инвестициялай баштаган. Бир жыл өткөндөн кийин, бул чечим "жаңылыштык" деп табылды, анткени ал жердеги кен байлыктар 1,5 км тереңдикте жатат, ошентип инвестиция ... эсептен чыгарылат. Ушундай окшош окуялар Монголияда жана башка өлкөлөрдө кайталанат. Ошентип, "бизнести кеңейтебиз" деген шылтоо менен компаниядан бир топ акчалар чыгарылат. Кумтөрдөгү миңдеген жумушчуларга кооптуу жумуштары үчүн кенедей эле тыйын төлөнсө, чет элдик менеджерлер өздөрүнө ондогон миллион доллар бонустарын алып жатышты. Алар колдонгон 650 миң долларга самосвалдарды сатып алышкан, андан кийин аларды эсептен чыгарып, башка тоо-кен компанияларына 6 миң долларга сатышат. Кирешелери жылына 1,2 миллиард долларды түзүп, 300 миллион доллары чыгымдарды түзсө, компания болгону 200 миллион долларды гана пайда катары көрсөтөт.

Кыргызстандын азыркы президенти Садыр Жапаров 2012-жылы эле, парламенттин мүчөсү катары, Кумтөрдө тартипти калыбына келтирүүнү талап кылган. Ал айлана-чөйрөгө келтирилген кесепеттүү зыян, паракордук жана уурдоо жөнүндө сөз кылган. Бул үчүн ал абакка камалат, анткени алтын өндүрүүчүлөр премьер-министрлерди, президенттерди, жана мурунку жетекчилердин бардыгын паракордукка аралаштырат. Буга Кыргызстандан качып кеткен мурунку жетекчилердин эбегейсиз байлыктары далил болуп келет. Кумтөр алар үчүн дайыма баюунун башкы жана негизги булагы болуп келген.

Өткөн күздө кезектеги революциянын натыйжасында Жапаров түрмөдөн бошотулган жана ушул жылдын январында Кыргызстандын президенти болуп шайланган. Өзү сыяктуу эле, 9 жыл бою Кумтөрдү жапайы эксплуатациялоого каршы күрөшкөндүгү үчүн сот жообуна тартылган шериктештери менен биргеликте, кенди мамлекеттик көзөмөлүнө кайтаруу процессин баштады. Жапаров жакын арада бул ишти жүзөгө ашырды, бирок кендин мурунку жетекчилиги кенди "санариптик мээден" ажыратууга аракет кылат - бардык IT жабдууларын жана программалык камсыздоосун алып чыгарат (системаларда бир топ татаал маселелер бар болчу, анын ичинде тектердин массаларынын кыймылы тууралуу көзөмөлдөө маалыматтары).

Ошого карабастан, азыркы учурда ишкана иштеп жатат жана Жапаровдо эми Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин бир кыйла жана кыска мөөнөттө көбөйтүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү бар.

Азыр эл аралык рыногундагы валюталардын туруксуздугуна байланыштуу алтындын баасы өсүүдө. "Капекстер" жана "опекстер", биз буга чейин билгендей, миллиарддаган долларлардан киреше алып келишет. Бирок мурда кирешелер республика жетекчилеринин жеке үй-бүлөлүк бюджеттерине түшүп турчу, ал эми мамлекеттик бюджет эң көп 6-7% пайда көрчү. Ошол 6-7% мамлекеттин кирешесинин 20% ын камсыздачы. Эми бул кирешелер 100% бойдон мамлекетке түшкөнүн элестетиңиздер.

Албетте, мурдагы Кумтөрдүн кожоюндары 20 жылдан бери улуттук байлыктарды тоноп уурдап келишкен соң, азыркы республиканын жетекчилигине өтө катуу басым жасап келүүдө, жана алардын басымы эл аралык саясий аренада дагы жок эмес. Эң кызыктуу суроо бул өз жолуна тайбаганга Садыр Жапаровдун эрки жетеби?

Тема барбы? Kaktus.media'га жазыңыз: +996 (700) 62 07 60 (Бишкек) , +996 (558) 77 88 11 (Ош)
URL: https://kaktus.kg/2550Шилтемени көчүрүү
Комментарийлер
дефолтная аватарка юзера
Колдонуучулардын комментарийлери модератор текшергенден кийин гана сайтка чыгат.
Комментарий калтыруунун шарттары
Биздин сайтта болбойт:
  • бирөө жарымды кемсинтүү
  • анын ичинде комментаторлорду дагы
  • кимге болбосун коркутуп-опузалоого
  • анын ичинде "сүйлөшүү үчүн жолугушууга"
  • далили жок же күбөлөрдүн көрсөтмөсү жок компромат маалыматты жарыялоого
  • КРдин мыйзамына каршы чыккан комментарийлерди жарыялоого
  • транслит менен комментарий жарыялоого
  • баш тамга менен комментарий жазууга
  • башкалардын аброюна, улутуна, динине шек келтирүүчү комментарийлерди жазууга
  • бир жаңылыктын алдында ар башка ник менен комментарий калтырууга
  • Ник катары "Кактус", "kaktus", "kaktus.kg" дегеле интернет басылманын атынан айтылып жаткандыгын көрсөтүүчү ушул өңдүү сөз айкаштарды колдонууга
  • материалдын маанисине дал келбеген комментарийлерди калтырууга
  • ник катары башка реалдуу адамдын аты-жөнүн колдонууга
  • башка сайттардын шитемелерин жана гиппершилтемелерин көрсөтүүгө Комментарийлер (анын ичинде никтер дагы) үч тилдин биринде гана жазылышы мүмкүн: мамлекеттик (кыргыз), расмий (орус) же эл аралык (англис).
  • Жогоруда аталган тилдерди бир комментарийде бир эле учурда колдонууга уруксат берилет.
ӨЙДӨ  
АРТКА