"Бир аз жылып койгулачы, деп сурансам, жаакка чаап жиберди".
RU

"Бир аз жылып койгулачы, деп сурансам, жаакка чаап жиберди".

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түштүк магистралда жайгашкан "Глобус" гипермаркетинде белгисиз эркек киши аялды жаакка чаап жиберген. Ал андан жылып коюсун суранган болчу. Болжол менен эркек киши ИИМдин кызматкери.

"Дүкөнгө барып, акча чыгарып алайын дегем. Жанымда турган эркек кишиден бир аз жылып коюусун сурангам. Ал мага агрессивдүү жооп берди. Мындай сүйлөшкөн болбойт, деп айтсам, мени жаакка чаап жиберди", - деп жабыркаган келин айтып берди.

Ал милицияга кайрылып арыз жазган. Эркек кишинин машинесинин номери аркылуу анын аты жөнүн билген. Facebook'тагы профилин карап, Ички иштер министрлигинде иштей турганын түшүнсө болот.

12-июлда, милицияга дүкөндөгү кайым айтышуудан улам денесине залака келтирген жаранга карата чара көрүү арызы менен Д.Э кайрылган, - деп ИИБден билдиришти.

Бул факт КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2559