Садыр Жапаров сел агызып кеткен жарандардын жакындарына көңүл айтты
RU

Садыр Жапаров сел агызып кеткен жарандардын жакындарына көңүл айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-июлда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине Жалал-Абад шаарынын Аксы районунда кечээ түшкөн селдин кесепетин тез арада жоюу боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарларды.

Мамлекет башчысы Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жүргөн селдин кесепетинен улам каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.

Садыр Жапаров бүтүндөй өлкө жаратылыш кырсыгынан улам жакындарын жоготкон кыргызстандыктардын оор кайгысын тең бөлүшүп жаткандыгын баса белгилеп, бардык жабыркагандар тезирээк сакайып кетет деп үмүттөнөрүн билдирди.

Кырсыктан жабыр тарткандардын бардыгына мамлекет тарабынан колдон келген колдоо көрсөтүлөрү белгиленди, деп билдирүүдо жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2561