Кыргызстандын олимпиаданын ачылышына кие турган формасы жактыбы?
RU

Кыргызстандын олимпиаданын ачылышына кие турган формасы жактыбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-июлда, министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов Кыргызстандын курама командасынын капитанына Кыргызстандын желегин тапшырды. Атабек Азисбеков Токио (Япония) шаарында өтө турган Олимп оюндарынын ачылышында Кыргызстандын байрагын көтөрүп чыгат. Бул тууралуу жаштар иши дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдады.

Мамлекет жетекчисинин Олимп оюндарынын алдында курама команданын капитанына желекти тапшыруу аземи салтка айланып калган.

Бүгүн спортчулар Марипов менен жолугушууга майрамдык формасын кийип келишти. Байрактуу тапшыруу иш чарасына алты спортчу жана төрт машыктыруучу катышкан. Лицензия алган башка спортчулар Бишкектен тышкары мелдешке даярдык көрүп жатышат, ошондуктан жолугушууга келе алышкан жок.

Эске салсак, быйыл 2016-жылы да Бразилияда өткөн Олимп оюндарындагыдай эле курама команда үчүн майрамдык форманы "Дилбар" мода үйү тиккен.

Улуттук олимп комитети берген маалыматка ылайык, форманы буюртма берүүгө бюджеттик эмес каражаттар колдонулду. УОК өзү демөөрчү болду.

УОКтун генералдык катчысы Саламат Эргешовдун Kaktus.media'га айтып бергени боюнча, форманын концепциясына кыргыз жана япон элинин колорити кошулган. Бир комплектин баасы 95 миң сом. Комплектке: чапан, бут кийим, баш кийим, айымдар үчүн көйнөк жана шарф кирет.

Эске салсак, азыркы күндө Кыргызстандын 18 лицензиясы бар. Лицензия алгандар: Денис Птерашов (сууда сүзүү), жеңил атлеттер Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Коробицкая, күрөшчүлөр Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, Эрназар Акматалиев, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Жоломан Шаренбеков, Узур Жузупбеков жана фехтование боюча спортчу Роман Петров. Андан тышкары дзюдочу Владимир Золоев, ок атуучу Каныкей Кубанычбекова жана жеңил атлет Нурсултан Кеңешбеков лицензия алышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2562