Социалдык тармакта Москвадагы мушташтан жабыркаган жигиттердин сүрөттөрү пайда болду
RU

Социалдык тармакта Москвадагы мушташтан жабыркаган жигиттердин сүрөттөрү пайда болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвадагы массалык мушташтан жабыркаган кыргыз жигиттердин сүрөттөрү социалдык тармакка тарап кеткен.

Lenta.ru берген маалыматка ылайык, Зеленодольский көчөсүндө болжол менен 150 киши мушташып, конфликт учурунда жолдун боюнда токтоп турган унаалар да жабыркаган.

Этият болгула! Сүрөттөр бар.
Жабуу

Эске салсак, кечээ, 12-июлда Москва шаарында жүздөгөн мигранттар Кузьминки районунда массалык мушташ уюштурушкан. Алардын видеосу социалдык тармакка тарап кеткен. "Интерфакстын" билдирүүсү боюнча баш-аламандыкты Өзбекстандын жана Кыргызстандын мигранттары жаратышкан. Бирок, социалдык тармакта Кыргызстан менен Тажикстандын жарандары деп айтылып жүрөт. Полиция мушташтын бир катар катышуучуларын бөлүмгө алып кетсе, айрымдарын тез жардам ооруканага алып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2563