Бишкекте жаңы жылдык белектерге мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар сатылган (видео)
RU

Бишкекте жаңы жылдык белектерге мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар сатылган (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы жылдык майрамдардын алдында сапаты төмөн кондитердик товарга нааразычылыктар көбөйгөн. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо программасынын алкагында жана жабыркаган керектөөчүлөрдүн коп сандаган кайрылууларынан улам финансы полициясы ММК менен бирге рейд уюштурган. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы маалымдады.

Рейддин жүрүшүндө Садыгалиев көчөсүндө ОсОО "ТТТ Компани" ижарага алган склад табылган. Ошол жерден мөөнөтү өтүп кеткен конфет жана печеньелер ири көлөмдө сатылган.

Фирманын кызматкерлери ошол эле жерден таттуулардын чыгарылган күнүн кайрадан жазып, таңгактын сыртына чапташкан. Финпол чыгарылган күнүн өзгөртүп коюуучу аппараттарды жана продукциянын курамын кыргыз тилинде жазылган наклейкаларды басып чыгаруучу аппараттарды алып койду.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Анын жүрүшүн ЭККМКнын төрагасы С.А. Жапыкеев көзөмөлгө алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/256