Сыймык Жапыкеев президентке кайрылып, Ассоль Молдокматовага сыйлык берүүнү суранды
RU

Сыймык Жапыкеев президентке кайрылып, Ассоль Молдокматовага сыйлык берүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сыймык Жапыкеев Ассоль Молдокматованын ишмердүүлүгү мамлекеттик деңгээлде белгилениши керек, деген пикирин билдирди. Бул тууралуу Жапыкеев өзүнүн Facebook'тагы баракчасына жазган.

Кайрылуусунда алгач президент Садыр Жапаровго "генерал-майор" наамын бергени үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнү оор учурда башкарууга бел байладыңыз, ийгилик каалайбыз, деп каалоо айткан.

"Ушул пост Ассоль Молдокматова жөнүндө болмок. Ушул айымдын Кыргыз элине болгон эмгеги зор. 25 жылдан бери Ассоль элге пайдасын эле тийгизип келатат. Баткен болсо Баткенде, Пандемияда биринчилерден волонтер, пайдасы зор, канча деген балдарды акча таап окутту, чокутту. Россияда В.Зайцев, Ф.Киркоров, А.Пугачеванын юбилейлери, тойлору биздин кыргыз кызыбыз Ассолльсуз болбойт, Ассоль ошол жерде алып баруучу, Россия менимче заслуженный деятель культуры деп наам ыйгарды. Р. Кадыровко, В.Путинге, Р.Эрдоганга пандемияда Ассоль кайрылуу жазаганда баарысы жооп беришти. (Сыймактанам). Коп элдер ойлоду Ассоль шайлоого даярданып жатат деп, бирок Ассоль саясаттан алыс. Молодец! Урматтуу достор, чынын айтсам Ассольдун баркын кыргыздар билбей койдук. Ассоль сизге мен лично рахмат айтам, ыразычылык билдирем.

Ассоль менен мен жакшы досбуз, бирок бул пост жүрөктөн чыкты (не заказной)", деп Сыймык Жапыкеев пикирин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2572