Сапаттуу билим - жакшы жумушка орношуунун кепилдиги. Абитуриенттерге кеңештер
RU

Сапаттуу билим - жакшы жумушка орношуунун кепилдиги. Абитуриенттерге кеңештер

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыялыңдагы жумушта эмгектенүү үчүн жөн гана блим алып коюу жетишсиз. Болочок кесибиңди изилдеп жатып, университет берген бардык артыкчылыктар менен колдонуу керек, мисалы эл аралык стажировкага катышуу, волонтердук иш жүргүзүү жана студенттер менен алмашуу программалары боюнча чет өлкөгө барып окуп келүү. "Ала-Тоо" эл аралык университетинин стеденттери университет түзүп берген шарттар менен толук кандуу колдонуп, окууну аяктаган мезгилде эл аралык эмгек рыногуна чыгышат.

Белгилей кетчү жагдай, АЭУнун бүтүрүүчүлөрүнүн 95%ы өз алдынча жумуш таап кетишет, же болбосо университет уюштурган иш чаралардан сунуштарды алышат (мисалы, Карьера күнүндө). "Ала-Тоо" университети алдыңкы өлкөлөрдөгү жождор менен кызматташткандыктан студенттерибиз эл аралык билим алуунун уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

Мынакей, мектепти бүтүрдүңөр, аттестатты колго алдыңар, ЖРТ тапшырдыңар, эми жогорку окуу жайга өтүш керек.

Абитуриенттерге чечим кабыл алууда жардам берүү үчүн "Ала-Тоо" университетинин бүтүрүүчүсү Санжарбек Мавлянов, Венгриядагы General electric компаниясынын алдыңкы финансисти кеңешин берип, мотивациясы менен бөлүшөт:

Максаттарыңарга жараша университет тандагыла

Алгач ким болгуңар келет, ошону чечип алгыла. Кээде адашып, кечке ойлонуп, бир чечимге келе албашыңар мүмкүн, бул нормалдуу көрүнүш. Мисалы, мен бала кезимде космонавт болгум келчү. Кийин англис тилине кызыгуум арта баштады. Ошондо мен чет өлкөгө кетүү максатын койгом. Мен окуу жайлардын тизмесин жазып алып, анын ичинен "Ала-Тоо" университетин тандап алдым.

Коркуу сезимине алдырбагыла

Мен АЭУга 100% арзандатуу менен тапшыргам. Семестр башталганда оюмду санаа басып, экзаменден мага керектүү упай ала албай калам, деген коркуу пайда болгон. Буга чейин "Ала-Тоо" университетинде бюджетте начар окуган студенттерди контракт бөлумүнө которуп салышы мүмкүн деген имиштерди уккам. Ошондо өзүмө-өзүм "стоп" деп айтып, өзүмдү колго алдым. Күчүмө ишенип, бардык аракетимди билим алууга жумшадым. Бул туура чечим болчу.

Аракет кылууну токтотпогула

АЭУ менен билим алууга болгон умтулуумду күчөттү. Мен Кыргызстандан тышкары өткөн эл аралык конференцияларга катыштым, дос күттүм, дегеле студенттик күндөрүм кызыктуу өткөнүнө университетиме ыраазычылык билдирем. Албетте, көп нерсе өзүмөн да көз каранды болчу. Университет бардык мүмкүнчүлүктөрду түзүп берет, колдонгула, аракет кылгыла, башкысы эринбегиле.

Изденгиле

Жожду тандодо келечекте кайсы кесиптер актуалдуу болот, ошолорго маани бергиле. Башкаларды туурабагыла, анткени ар кимдин жөндөмдөрү ар башка. Алдыңкы 10 жылда актуалдуу боло турган адистиктердин тизмесин изилдеп чыккыла.

Эч качан өзүңүзгө чек койбогула

Дүйнө мүмкүнчүлүктөргө толо. Аларды колдонуп жетишкиле. Тил үйрөнгүлө. Университеттеги сабактан тышкары практикага баргыла, изилдөө жүргүзгүлө, өзүңөрдү эмгек рыногуна даярдагыла. Ар тараптуу болуп, кенен ой жүгүрткөнгө үйрөнгүлө.

Эгер приоритеттерди туура тандап, алдыга максат коюп, туура университет тандасаңар, талыкпай окуп, ар дайым өнүгүү жолунда жүрсөңөр, жумуш берүүчүлөр силерди колдон буттан ишке алышат. Ошентип, кыялыңыздагы жумушка жетесиз! Ийгилик!

Эске сала кетсек, абитуриенттерди кабыл алуунун 1-туру 12-июлда башталат. "Ала-Тоо" эл аралык университетине тапшыруу боюнча кошумча суроолорго жооптуу +996 555 820 000 телефон номери аркылуу чалып ала аласыз. Андан тышкары www.alatoo.edu.kg же @alatoo.edu.kg Instagram-баракчасына кирип көрүүнү сунуштайбыз.

Абитуриенттерди кабыл алуу Бишкек шаары, Анкара көчөсү 1/10 (Ч.Валиханов менен кесилишкен жерде, ориентир "АЮ Гранд Комфорт") дареги боюнча жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2574