Олимп мелдешине кие турган спорттук форма мына мындай экен
RU

Олимп мелдешине кие турган спорттук форма мына мындай экен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын улуттук олимп комитети Токиодо өтө турган Олимп мелдешине катыша турган курама команданын спорттук формасын көрсөттү.

УОКтун генерадык катчысы Саламат Эргешевдин Kaktus.media'га берген маалыматы боюнча, 2018-жылдан бери спорттук форманы кытайлык Tectop компаниясы бекер берип келет. "2018-жылы бул компания Азия оюндарына катышуу үчүн 250 форманын комплектисин берген, андан кийин өспүрүмдөр үчүн Олимп оюндарына биздин жаш спортчуларыбызга да спорттук кийим тартуулаган", - деди ал.

Комлектиге 15 кийим кирет, бир нече футболка, атайын кофталар, жеңил курткалар, баш кийим ж.б. Бул форма менен курама команданын мүчөлөрү машыгып, олимп кыштагында жүрүп, сыйлык тапшырууга чыга алышат (мындай мүмкүнчүлүк болот деп ишенгибиз келет).

Эргешовдун айтымында, андан тышкары биздин спортчулар мелдешке Bigser компаниясы бекер берген форма менен да чыгышат.

"Көпчүлүк спортчулар Bigser формасы менен мелдешке катышат", - деп Эргешов билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ Кыргызстандын курама командасынын майрамдык формасы тартууланган. Спортчулар аны менен Олимп оюндарынын ачылышына жана жабылышына катышышат. Ошондой эле, кечээ министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов Кыргызстандын курама командасынын капитаны Атабек Азисбековго өлкөнүн желегин тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2576