Москвадан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ачылат
RU

Москвадан Ысык-Көлгө жаңы авиакаттам ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 2021-жылдын жайкы туристтик мезгилин утурлай, 15-июлда Москвадан алгачкы каттамды тосуп алат. Мындай маалыматты "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы таратты.

Москва-Тамчы-Москва маршруттук каттамын "Аэрофлот" авиакомпаниясы жумасына 3 ирет - дүйшөмбү, бейшемби жана ишемби күндөрү жүргүзүүнү пландоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2580