Дос болбой калдыбы? Жапаров менен Ташиев уруша кеткен болсо, Кыргызстан эмне болот?
RU

Дос болбой калдыбы? Жапаров менен Ташиев уруша кеткен болсо, Кыргызстан эмне болот?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда өлкө башчыларынын ичинде бийликти бөлүштүрүү процесси уланууда. Мындан эч кимдин жыргап кеткен жери жок, өзгөчө карапайым элдин.

Мисалы, июндун соңунда УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматтын жоюла турганы белгилүү болду. Анын ыйгарым укугу Генералдык прокуратурага өткөрүлөт.

Ошол эле учурда, Ташиев, чыныда андай эмес, деп жар салды. Анын айтымында, АККнин кызматкерлери башка участоктордо гана иштешет.

"Мындан ары АККнин функцияларын алтынчы башкармалык аткарат - Өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкы башкармалык. Биз бир нече башкармалыкты бириктирип, негизгисин түздүк. Башкача айтканда, коррупция менен күрөшө турган атайын орган болбойт, бирок биз коррупциялык иштерди жана кылмыштарды иликтөөнү уланта беребиз", - деп Ташиев жеке позициясын билдирди.

12-июлдан тартып коопсуздук үчүн күрөшүүгө дагы бир оюнчу кошулат - Талатбек Масадыков (Афганистан боюнча адис), ал Садыр Жапаров жетектеген Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

Ошону менен коррупция менен күрөшүү маселеси УКМКнын жетекчисинин компетенцисына кирбей калды. Мындан ары аны президент өзү көзөмөлдөйт.

Жапаров менен Ташиевдин атаандаштыгы саясий аренада кандай кесепеттерге алып келиши мүмкүн? Kaktus.media бул боюнча эксперттердин пикирин жана божомолдоорун чогултту.

Аида Алымбаева, саясий серепчи:

- Президент өлкөнүн лидери, эгер кандайдыр атаандаштык жаралса дагы көзүр карталар барыбир Жапаровдун колунда. Камчыбек Ташиевдин Садыр Жапаровго атаандаш болуп жатканы президентке пайдасын эле алып келет. Эгер кандайдыр бир иштер оңунан чыкпай калса, бардыгын Ташиевге шылтап салса болот. Анын үстүнө ал өзү ошол орунга жанталашып жатат.

Ага (президентке - Kaktus.kg ред. эск) ушундай популисттик жетекчинин жанында болушу ыңгайлуу.

Ошол эле маалда Камчыбек Ташиев саясий майдандагы өзүнүн таасирин күчөтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого умтулууда. Өлкө башчысы деле ага анчейин тоскоол болгон жок. Бирок, көйгөйлөр башталса, өзгөчө чек арадагы, президент бул маселени чечүүгө аргасыз болот.

Коопсуздук маселесинде Ташиевдин адекваттуу эместиги айдан ачык эле болуп калды. Бирок, жакынкы аралыкта анын отставкага кетүүсү күмөн. Себеби түштүк регион мындай чечимди башкача кабыл алат. Эл жөн гана түшүнбөйт.

Камчыбек Ташиев аз убакытка болсо да, азырынча кызматта калат.

Зайнидин Курманов, тарыхчы, саясий серепчи, ЖКнын экс-спикери:

- Жашыруун сүйлөшүп алуу теориясы бар, аны атайылап өрчүтүп, кызытып турушат. Бирок аналитиктер башка ыкмалар менен колдонушат. Пикир алышуудагы дал келишпестиктер экөөнүн ортосунда уруш чыкты дегендик эмес. Бардыгы башка сценарий менен деле жүрүп жаткан болушу мүмкүн. Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбеков экөөнүн ортосундагыдай.

Негизи хансарайдагы камарилья (жеке кызыкчылыгын көздөп башкаларды башкарууга умтулган топ - Kaktus.kg ред. эск)) бар, алар тойду башкаргысы келет, ошондуктан ушул сыяктуу ызы-чуу түшкөнү алардын пайдасына чечилип жатат.

Чынында, Жапаров менен Ташиев - харизмасы күчтүу эки лидер, ал эми тарых бизге көп ирет көрсөткөндөй, эки баштуу башкаруу узакка созулбайт. Ар дайым бирөөсү эле калат.

Таалатбек Масадыков боюнча айта турган болсок, аны Ташиевди салмактап туруу үчүн дайындалды десек болот. Анткени анда Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевде жок сапаттар бар.

Ал мамлекеттин ичиндеги №2 адам болууга макул болуп, Ташиевди жок кылууга умтулбайт. Өлкө жетекчилиги Масадыковго окшоп, эл аралык оюндун шарттарын мыкты билген адистер аз экенин жакшы түшүнүп турат. Бирок, маселе башкада, ал кыргыз дипломатиясын билет болду бекен?

Жетекчилик, бирдиктүу иш алып баруусу кажет. Тарыхтан сабак алышыбыз керек, бизге тиешеси жок, деп кол шилтеп койгонубуз туура эмес. Аскер башчысы Ганнибал өзүнүн негизги душманы деп согушуп келген Римди айтчу эмес. Анын чыныгы душманы карфагендик сенаторлор болгон, алар Карфаген мамлекетин садака чапса да Ганнибалды жок кылууга умтулушкан.

Натыйжасында, бардыгы жер менен жексен болушту. Мен кыргыз элитасы менен сүйлөшүүдө этият болуу кеңешин берем. Менимче, кыргыз саясатындагы сырлар, оюндар жана жүрүштөр афган дипломатиясынын түшүнө да кирбесе керек.

Феликс Кулов, КРдин экс-премьер-министри:

Таалатбек Масадыковдун кызматка дайындалышын жеке кызыкчылыкты көздөө же жооп кайтаруу максатында деп кабыл алган болбойт. Ал болгону Афганистан боюнча жалгыз жакшы адис, биз ага ийгилик каалап коюшубуз керек.

Ал эми Антикоррупциялык кызматтын жоюла тургандыгы алдын ала эле белгилүү болчу. Албетте, анын ыйгарым укугу УКМКнын алтынчы башкармалыгына өтөт деген билдирүүнүн өзү кызыктай. Бирок, Ташиев эч ким жумушу жок калбайт, андан тышкары УКМК өзгөчө иштер боюнча жумушун уланта берээрин билдирди. Эми алардын иштегенинин жыйынтыктарын күтүу керек.

Атамбаев менен Жээбековдун ортосундагы ажырым болоордун алдындагыдай сезим жок.

Анткени Атамбаевдин бийлиги жок болчу. Ал эми бул экөө тең учурда кызматта.

Азыркы тапта, башкысы - колдо бар ресурстарды туура колдонуу. Мен Камчыбек Ташиевди да, Садыр Жапаровду да тааныйм. Менимче, алар буга (ортосунда конфликттин жаралуусуна ) жол беришпейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2581