Чечимин өзгөрттүбү? Эми абоненттер үчүн кандай тарифтер болот
RU

Чечимин өзгөрттүбү? Эми абоненттер үчүн кандай тарифтер болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Катардагы абоненттер үчүн электр энергиясынын тарифин өзгөрүүсүз калтыруу сунушталды. Бул тууралуу Kaktus.mediaга Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты.

Жакынкы аралыкта тариф өзгөрүүсүз калат - 1 кВт саат үчүн 77 тыйын. Эгерде 700 кВт саат чектен ашып кетсе, анда тариф 2 сом 16 тыйын болот. Бийик тоолуу райондордун жашоочулары үчүн, ошондой эле, керектөө чегин алып салууну пландаштырып жатышат.

Ошол эле учурда, өнөр жай жана соода объектилеринин тарифин дагы көтөрүү сунушталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2583