Азирети Муфтий жана дин аалымдары коронавирус инфекциясына каршы вакцина алышты
RU

Азирети Муфтий жана дин аалымдары коронавирус инфекциясына каршы вакцина алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 15-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарындагы эмдөө пункттарынын биринен коронавирус инфекциясына каршы вакцина алды. Бул тууралуу Kaktus.media'га муфтияттан билдиришти.

Ошондой эле Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү, Кыргызстан Ислам университетинин проректору жана мугалимдери, Бишкек шаардык казыятынын имамдары эмдөөдөн өтүштү.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатвасын чыгарган.

КМДБ медицина адистеринин рекомендацияларына шилтеме берип, вакцинация коронавирустук инфекцияны алдын ала турган эң эффективдүү каражат экенин айтышты.

"Муфтийдин эмделгенине бир күн болду, ал өзүн жакыш сезип жатат", - деп КМДБ маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2613