Азиз Суракматов өлкөдөн чыкпоо арызын жазып бошотулду. Ал 150 млн сом төлөдү
RU

Азиз Суракматов өлкөдөн чыкпоо арызын жазып бошотулду. Ал 150 млн сом төлөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Биринчи май райондук соттун чечими менен Бишкектин экс-мэри Азиз Суракматов тергөө менен кызматташып, баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Мындан мурун камакка алуу түрундө тандалган баш коргоо чарасы, өлкөдөн чыкпоо чарасына алмаштырылды.

КР Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, Азиз Суракматов тергөө менен кызматташуу жөнүндө келишим түзүп, экс-мэр Бишкек шаарындагы жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берди. Ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 миллион сомдун 150 миллионун кайтарды. Калган чыгымдарды төлөө графиги түзүлдү", - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Эске салсак, Бишкектин мурдагы мэри Суракматов мыйзамсыз баюу жана коррупцияга айыпталууда. Ал 26-майда суракка чакыртылып, 28-май күнү УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилген болчу. 15-июнда сот аны камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2615