УКМК эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүн колго түшүрдү
RU

УКМК эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүн колго түшүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 14-июлунда, Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан улантылып жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасында террористтик актыны ишке ашыруу максатында куралдуу чыр чатактардын аймагынан келген Кыргыз Республикасынын жараны Г.М.нин ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Кармалган адам Афганистан аймагында эл аралык террористтик уюмдардын биринин курамында согуштук аракеттерге катышып, террористтик даярдыктан өткөндүгү аныкталды.

КР УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2617